Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

ПАКИСТАНДАГЫ ОКУЯЛАРГА КЫРГЫЗСТАНДЫК МУСУЛМАНДАР ДА ТЫНЧСЫЗДАНУУДА


Пакистандын борборундагы Кызыл мечитте болуп жаткан радикал исламчылар менен өкмөттүк аскердин куралдуу кагылышуусу кыргызстандак мусулмандарды да тынчсыздандырууда.

Кыргызстан мусулмандар муфтийинин биринчи орунбасары Сүйүналы-ажы Кулуев ислам мамлекети болуп турган Пакистанда ушундай ич ара куралдуу кагылыш болуп жаткандыгына айрыкча өкүнгөндүгүн билдирди:

- Албетте, биз мусулман катары, Кыргызстандын атуулу катары Би-би-си, Азаттык үналгыларынан, теле жаңылыктардан Исламабаддагы - Кызыл мечит айланасындагы атышууларды угуп, көрүп – кабардар болуп жатабыз. Мен мусулман катары айта турганым, Пакистан бул – ислам мамлекети, ошол ислам малекетинде доор сүрүп жатып, мечит башчылары менен мамлекеттик бийлик дүйнөлүк атак-даңкы бар мечитти талашып ичара согушуп жатышы – биздин акылга сыйбаган нерсе. Алар ислам –
тынчтыктын, ынтымакчылыктын дини деген асыл атакка көлөкө түшүрүп жатышат. Айрыкча ислам мамлекетинде бийлик менен тирешкен, кан төгүшкөнгө элди чакырган дин аалымдарына, дин кызматкерлерине түшүнбөйм мен.


Сүйүналы-ажы Кулуев азыр Кызыл мечитти ээлеп турган Абдул Рашид Газинин тарапкерлери адамдардын асыл өмүрү үчүн мамлекеттик бийлик менен сөзгө келүү позициясын жактайт. Эгерде алар тынчтык жолу менен сүйлөшүүгө барбаса дагы жүздөгөн, балким, миңдеген адамдардын өмүрү кыйылары – турган иш деп эсептейт.

Бишкектеги борбордук мечиттин жооптуу кызматкери Абдыкаар Темиров болсо эң оболу Пакистандын бийлик тарабы өз жарандарына ыйманга жуук мамиле кылышын каалайт:

- Өзүнүн мамлекетинде, өзүнүн жеринде сүйлөшүүгө жол таба албай, мамлекет башчылары жарандарына курал колдонуусу, болгондо да эң ыйык эсептелген Кызыл мечитте тигилерди толугу менен жексен кылабыз деп турушу – экинчи тарапты эле эмес, зор тарыхый, руханий эстелик – Кызыл мечитти талкалоого шарт түзүп тургансыйт.

Абдыкаар Темиров Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун Кызыл мечит жагдайына өзгөчө тынчсызданып журналисттерге интервью беришин – бул маселе дүйнөлүк мааниге ээ болуп тургандыгынын далили катары көрөт. Бир эле мусулмандар эмес, жалпы аң сезимдүү адамзаттын тынчын алууда деп эсептейт.

Кыргызстандагы мусулмандар арасында Исламабаддагы козголоңчулардын ана башы Абдул Азизди өз тарапкерлерине апкелип берүү кооптуубу же эки тараптуу кыргындан Кызыл мечитти бүкөнбара талкалап алуу, көптөгөн адамдардын өмүрүн кыюу кооптуубу деген суроо пайда болууда.

XS
SM
MD
LG