Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

ПАКИСТАН: ЖООЧУЛАР БЕКИНГЕН КЫЗЫЛ МЕЧИТКЕ ЧАБУУЛ ЖАСАЛДЫ


Назгүл Кошоевa, Прага 10-июлда пакистандык аскерлер исламчы жоочулар бекинген Кызыл мечитти чабуулга алды. Бир аптадан бери мечитте жашырынган исламчылар өлкөгө шариятка негизделген түзүлүштү киргизүүнү талап кылышууда. Алар көп сандаган аялдар менен балдарды барымтага алып турушат.

Пакистан армиясынын басма сөз өкүлү, генерал-майор Вахид Аршаддын сөзүнө караганда, Кызыл мечитке жасалган чабуулдун алгачкы баскычында 40тай жоочу өлтүрүлдү. Мечиттен качып чыгууга далаалат кылган бир катар куралчандар колго түшкөнүн да Аршад кошумчалады. Айрым жоочулар курчоодон качып чыгууга да үлгүрүшкөн. Барымтадан качып чыккан балдар да болду дейт Аршад:

-Тангы маал мечеттен 20дай бала качып чыкты. Аялдарды, кыздарды, жана жаш балдарды терорчулаар тирүү калкан катары пайдаланып жатышат.

Пакистан аскерлери айыгышкан каршылашууга туш келишти. Исламга жамынган террорчулардын колунда ар кандай ракета, кол бомбалары бар экендин генерал Аршад баса белгиледи. Анын айтымында, Кызыл мечиттеги исламчылар бул жайдын ыйык экендигине карабастан, анын мунарасына чыгып алышып, аткылашууга чейин барууда.

-Үч-төрт террочу мечиттин мунараларын ээлеп, аларды ок атуу жайына айлантып алышты. Эртең менен мен айткандай, алар мечитти окоп катары колдонууда. Ошентип, алар мечиттин ыйык жай болгон мүнөзүнө шек келтирип жатышат,- деди Аршад.

Кызыл мечиттин соңку абалы жөнүндө “Азаттыкка” өз пикирин билдирген кабулдук адис Абдул Рашид Вазиринин оюнча, бул окуялардын баары радикал исламчыл турумдагы пакистандыктардын азыркы президент Мушаррафтын соңку бир нече жылдагы ички-тышкы саясатына нааразылыгынын көрүнүшү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG