Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

КЫЗЫЛ МЕЧИТ КРИЗИСИ - ПАКИСТАН ПРЕЗИДЕНТИ ҮЧҮН ЧОҢ СЫНОО


Пакистандын коопсуздук күчтөрү шейшембиде Исламабаддагы Кызыл мечитке чабуул коюп, бир жумадан бери барымтада кармалып отургандарды бошотуу аракетин жасашты. Президент Первез Мушаррафтын бийлиги үчүн катаал сыноого айланган бул саясий кризистин оош-кыйыштары тууралуу Лондондук эксперт Фарзана Шаих биздин кабарчылар менен ой бөлүшкөн.

Исламабаддын борбордук бөлүгүндө, Пакистандын коопсуздук кызматынын имаратына чукул жерде жайгашкан Кызыл мечитте катардагы адамдарды, балдар менен аялдарды барымтага алып камалып отурган 1000ден ашуун радикал динчилдер менен атышуу мындан бир жума мурда башталган.

Пакистанда Шарыят мыйзамдарын орнотууну көздөгөн радикал жоочулар мыкты куралданган экен, Кызыл мечитти тегерете акмалап аткылаган аскерлерге аябагандай каршылык көргөзүштү. Шейшембиде коопсуздук күчтөрү имаратка чабуул коюп, мечиттеги 50дөй киши, өкмөт тараптан 8 аскер набыт болгону кабарланды. Кечке жуук радикал исламчылардын башчысы, динаятчы Абдул Рашид Гази ок жеп каза тапканы маалымдалды.

Президент Первез Мушаррафтын өкмөтү Кызыл мечиттеги кандуу эрегишти токтотуу аракетин кандай жүргүзүп жатат? – деген суроого Лондондук аналитик Фарзана Шаих төмөнкүдөй жооп узатты.

- Кызыл мечит кризисин өкмөт, меним оюмча, шейшембинин таңына дейре ырааттуу жана чечкиндүү жүргүзө алган жок. Башка мүмкүнчүлүктөрдүн баары түгөндү деген ойго келген соң, бүгүн гана чабуул баштады. Бирок буга чейин кырдаалды куралдын күчү менен баскысы келсе, өтө көп жоготуулар, элдин бөөдө чыгымына алып келет эле.

“Азаттыктын” кабарчылары ошентип, Исламабаддагы кризис бир эле учурда президент Мушаррафтын күчүн жана алсыздыгын көрсөттү деп айтсак болобу? – деген суроосуна Лондондук аналитиктин жообу бул болду.

- Ооба, ошентип айтсак болот. Мечитке чабуул коюу чечими - ага чейин саясий бийлик укуктары күмөн жарата баштаган, алсырап бараткан жетекчинин чечкиндүү кадамы болду окшойт. Кызыгы, Пакистандагы англис тилдүү маалымат каражаттары Мушаррафтын жалпы саясатын сындаганы менен, жоочуларды ооздуктоо, аларды көзөмөлгө алуу аракетин колдоп келет. Кызыл мечиттеги окуялардан улам коомдук пикирди изилдөө көргөзгөндөй, Мушаррафтын радикал мечит, ал жердеги медресе-мектептердеги кыймылды көзөмөлгө алуу иштерин эл колдоп, президенттин кадыры жогорулай түштү. Бирок мындай колдоо бардык жерде бирдей эмес, Балучистан өңдүү консервативдүү чөлкөмдөрдө Мушаррафтын бул аракеттери коомдогу кыжырданууну күчөтөт. Эмнеси болсо да, бул окуялар Пакистан өкмөтү үчүн оор сыноого айланды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG