Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

ТҮРКИЯЛЫК САЯСАТЧЫЛАР «КҮРТ КАРТАСЫН» ОЙНОШУУДА


Акыркы жумаларда Түркия Чыгыш чекарасына 100 миңден ашуун аскер жайгаштырды. Жарыша эле генералдар менен саясатчылар Түндүк Ирактагы күрт козголоңчуларынынбазаларына сокуу уруу зарылдыгын кеп кылышууда. Мындай жагдай Ирак жетекчилигин кооптондурууда. Тынчы кеткен Вашингтон үстүбүздөгү аптада жасаган билдирүүсүндө Ирактын эгемендиги сыйланууга тийиш экенин эскертти.

Түркиянын аскерий жетекчилиги аскерлер Күрт жумушчу партиясы- ПККнын согушчандарын талкалоо үчүн Иракка кирүүгө даяр экенин 12- апрелде жарыя кылган эле. Генералдарды оппозициячыл саясатчылар колдоп чыкты. Азыр чекарада, Ирактын ырасташынча, 140 миң түрк аскери турат. Алардын чабуулга өтүүсү үчүн Түрк өкмөтү менен парламентинин макулдугу гана керек.

Серепчилердин айтымында, 22-июлда болчу парламенттик шайлоо алдында саясатчылар менен генералдар Иракка басып кирүү жөнүндө чуу көтөрүп, башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясына тузак койууда. Себеби, террордук чабуулдардан тажаган адамдар күрт козголоңчуларынын адебин берүү үчүн өкмөттөн чечкиндүү чараларды күтүүдө дейт англис тилинде чыкчу “Today’s Zaman” гезитинин саясый талдоочусу Лале Сарибибрагимоглу.

Күткөндөй эле, жакында Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Анкарада ПККнын Ирактагы аскерий базаларын жок кылуу планы бар экенин тастыктады.

Муну менен Эрдогандын өкмөтү өзүн шайлоочуларга бир жагынан чечкиндүү көрсөткүсү келсе, экинчи жактан Вашингтон менен Багдаддан ПККны “ийге салып” койууну сурады деп боолгойт Лале Сарибибрагимоглу:

- Башкаруучу партиянын ичинде жана чечим кабыл алчу адамдарда Түркия аскерлерин Түндүк Иракка жөнөтө алат деген идея бар. Күртыстандын президенти Масуд Барзаниге, Ирак күрттөрүнө, Ирак өкмөтүнө жана Кошмо Штаттарга кат жөнөтүү үчүн ал идеяны маал- маал кайталашат.

Азыркы жагдай күрт маселесин мурдакы жана азыркы өкмөт чечпегенден улам түзүлүп отурат деп санайт Лале Сарибибрагимоглу:

-Жооптуу адамдар чечим кабыл алчу абдан ыңгайлуу эки учурду колдон чыгарып жиберишкен. 1999- жылы ошол кездеги курама өкмөт урушта тамтыгы чыккан аймакты көтөрүүнүн экономикалык чараларын сунуш кылса болмок. Азыркы өкмөт да күрт маселесине, алардын социалдык көйгөйлөрүнө, экономикалык проблемаларына көңүл бурбай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарды. Премьер- министр Эрдоган эки жыл мурда Диярбакирге барганда чечилчү экономикалык проблемаларды атаган эле. Айрым себептерден улам анысы аткарылган жок жана регион үчүн башка эч кандай экономикалык программа сунуш кылынбады.

Лали айымдын сөзүнө караганда, паламенттик шайлоодон кийин Ирактын түндүгүндөгү күрт согушчандарынын базасын талкалоо жөнүндөгү ызы-чуу басылат. Ал эми күрт маселесине кайрылуу парламентте көпчүлүк мандатка ээ болгон партиянын ыктыярына жараша болот.

XS
SM
MD
LG