Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

КОСОВОЛУК АЛБАНДАР ЭРКИНДИК ҮЧҮН КҮРӨШКӨ ДАЯР


Косовонун статусу тез такталбаса, провинцияга эгемендик берүү боюнча Евробримдиктин ичинде келишпестиктер башталат. Ошон үчүн Косовонун тагдырын чечүү ЕБнын жетекчилиги үчүн “абдан маанилүү” деп билдирди БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун 10-июлда. Косового эларалык башкаруу астында күнкорсуздук берүү сунушун ЕБ ырасмий түрдө колдогон. Бирок, уюмдун айрым мүчөлөрү Косово күнкорсуздук алса, башка улуттук азчылыктар үчүн жаман жышаан болот деп чочушат.

Косово Сербиянын курамындагы талаштуу провинция. Анын 2 миллион чамалуу элинин 90 проценттен көбү этникалык албандар. БУУнун чабарманы Марти Ахтисаари иштеп чыккан планга ылайык Косового эгемендик берүүгө Сербия башынан эле каршы. Ал эми Косово боштондук армиясынын башчылары провинцияга эркиндик берүү кечеңдесе, куралдуу күрөштү кайра улантууга даяр экенин өткөн жумада билдиришти.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун шейшемби күнү Брюсселде өткөн маалымат жыйынында Косовонун статусу тез арада аныкталбаса, Батыш Балкандагы кырдаалга тескери таасир этерин, атүгүл ЕБнын биримдигине доо кете турганын эскертти.

-Биз мурда үмүт кылгандай бул маселени чече албайт окшойбуз деп тынчсызданам. Бул абдан маанилүү маселени кийинге калтыруу же создуктуруу жалгыз Косоводо эмес, жалгыз Балканда эмес, бүтүндөй Европадагы тынчтыкка жана коопсуздукка өтө тескери таасир этет.

ЕБ Косово маселесинде бир көзкарашта. Бирок, Грекия менен Кипр Сербияга жан тартканы жашыруун эмес. Гректер менен кипрликтер сербдер сыяктуу тарса- ортодокстор. Кипр Косовонун бөлүнүшү түрк жамаатынын биротоло бирикпей коюшуна өбөлгө болот деп да коркот.

Болгария, Румыния жана Словакия да кулак түрүп турушат. Косово эгемендик алса, болгар түрктөрү, словакиялык жана румыниялык венгрлер да козголушу мүмкүн. Испания үчүн каталондуктар менен баскелердин проблемасы бар.

Косово проблемасын чечүү үчүн ЕБнын тышкы иштер комиссары Хавьер Солана Сербиянын жанан Косовонун албан лидерлерине дагы 120 күн берүүнү сунуш кылды. Соланын айтышынча, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими жок туруп, ЕБ эгемен Косовону контролдоо вазиайпасын аткара албайт:

-Биз даярбыз, биз коопсуздукту жана тартипти сактоо үчүн Евробиримдиктин миссиясын жайгаштырууга, экономикалык кызматташууга даярбыз. Бирок, бизге БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы керек.

Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы чыкса, ЕБ Косового 1600 полиция кызматкерин жана башка кызматчыларды киргизмекчи.

БУУда чечүүчү добушка ээ Россия Сербиянын кызыкчылыгына каршы резолоюцияга вето колдонорун мурдатан айтып келет.

XS
SM
MD
LG