Иранда өмүр сүргөн тартип боюнча, өлүм жазасына кесилген адам ташбараңга алынып өлтүрүлүшү мүмкүн. Андай адамдын колдору артына байланат жана анын айланасында чогулган адамдар аны - өлгөнгө чейин таш менен урат. Бир урганда адам өлүп калбас үчүн таштар өтө чоң болбош керек.
Адам укуктарын коргоо уюмдарынын көптөгөн каршылыгынан улам, Ирандын укук системасынын башчысы аятолла Махмуд Хашеми Шахруди мындай жазаны колдонууга 2002-жылы мораторий салган, бирок 2006-жылдын май айында кеминде эки адам ошентип өлтүрүлгөнү жөнүндө маалыматтар бар. Жакында болсо Казвин провинциясындагы Агче Канд деген айылда дагы бир адам ташбараңга алынып өлтүрүлдү.
Ал тууралуу биринчи кабарлар 8-июлда пайда болгон жана аятолла Шахрудинин жардамчысы Алиреза Жамшиди ал маалыматты 10-июлда тастыктады. Жафар Каиди деген адам мындан 11 жыл мурда ойнош күткөнү үчүн өлүм жазасына кесилген жана ага каршы чыгарылган өкүм жакында ишке ашырылды.
Андай өкүмдөр Иранда кайсы бир күбө адамдын айтканына, же айыпталган адам күнөөнү мойнуна алганына, же соттун ишенимине негизделип чыгарылышы мүмкүн, Каиди дагы өлүм жазасына соттун ишеними менен кесилген.
Аны менен бир нече жыл чогуу жашаган Мокараме Эбрахими деген аял дагы өлүм жазасына кесилген, алар эки бала күткөн жана акыркы 11 жыл бою балдар энеси менен кошо абакта жашады. Укук коргоочулардын айтымында, эми Эбрахими дагы өлтүрүлүшү мүмкүн деген коркунуч бар.
Нобел сыйлыгынын ээси Ширин Эбадинин айтымында, Иран бийлигинин мындай аракеттерин адам укуктарын бузгандык деп эсептеш керек. "Бул өкүмдүн аткарылганы мени бушайманга салды, анткени ал - Иран өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерге туура келбейт. Андан тышкары, ташбараңга алып өлтүрүү боюнча өкүмдөрдү аткарбоо боюнча бир нече чечим дагы чыккан", - дейт Эбади.
Адам укуктарын коргоочулардын бири Сохейла Вахдатинин айтымында, окуя жөнүндө толук маалымат эмгиче жок жана Эбрахиминин балдары менен эмне болоору дагы белгисиз: "Тилекке каршы, бизде толук маалымат жок. Сегиз айдан бери Эбрахиминин өкүлү болуп келген анын адвокаты Саид Эгбалиге дагы сот кагаздарын көрсөтпөй коюшкан. Ошондуктан анын иши боюнча биз толук маалыматка ээ эмеспиз. Биздин билгенибиз - аны менен кошо абакта эки баласы жашайт, алар эркек балдарбы, кыздарбы, аны да билбейбиз", - дейт Вахдати.
Иран жетекчилиги буга чейин - мораторий салынгандан бери өлкөдө эч ким таш менен урулуп өлтүрүлгөн эмес деп келген жана Кианинин ишинде биринчи жолу аны моюнга алды. Ошондуктан дагы канча андай окуя болгону азыр так белгисиз.