Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

КАЗАК-КЫРГЫЗ ИНВЕСТИЦИЯ ФОНДУ ТҮЗҮЛӨТ


Казакстан менен Кыргызстандын инвестициялык келишимине Бишкекте кол коюлду. Анын негизинде ортолук инвестициялык кор түзүлүп, ага Казакстан 100 миллион, Кыргызстан 20 миллион доллар бөлүүсү макулдашылды. Каражат Кыргызстан экономикасынын негиздүү багыттарына жумшалмакчы. Бишкекке болгон бир күндүк расмий иш сапарында Казакстандын өкмөт башчысы эки өлкө ишкерлеринин бизнес форумунун ачылыш аземине катышып, президент К.Бакиев менен жолугушту.

Казакстандын «Казына» өнүгүү корунун төрагасы Кайрат Келимбетовдун айтуусунда, ортодогу акча Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү керек.

- Кыргызстандын кайра иштетүү өнөр жай, туризм жана башка экономиканын негиздүү багыттарына жумшалмакчы. Кыргызстан да тийиштүү акчаны өз бюджетинен алып кошо тургандыгы алдын-ала макулдашылган. Кечээ Кыргызстандын каржы министрлигинде сүйлөшүүлөр жүрдү, менин оюмча, жакын арада фонддун концептуалдуу жоболорун тактайбыз.

Кайрат Келимбетов ортолук инвестициялык кордун акцияларына Казакстандын «Казына» өнүгүү кору, Кыргызстандын тийиштүү өкмөттүк мекемеси ээлик кыларын билдирди. Анын ырасташынча, ушу тапта Кыргызстан менен Казакстан цемент таңкыстыгын баштан кечиришүүдө, кордун эсебинен жаңы цемент заводдорун курууга акча бөлүнмөкчү. Алардын бири Кызылкыядагы цемент заводунун курулушуна инвестиция бөлүү маселеси оңуна чечилди.

- Кызылкыя цемент заводу тууралуу жумушту биз азыр иштеп жатырбыз. Анын Казакстандын инвестициялык кору жасап жатат. Менин оюмча, эки айдын ичинде анын каржы үлөштүрүлүшүн жасайбыз.

Жаңы инвестициялык корду кечиктирбей ишке киргизүүгө Казакстан өзү деле кызыкдар экенин өкмөт башчы Карим Масимов да ырастады.

- Жакынкы күндөргө, муну мен биздин мамлекет башчыбыз августтун ортосунда Шаңхай кызматташуу уюмунун жыйынына келерге чейин бүтүрүү аракетин көрөм. Ошондой эле бизге тапшырылган суу-энергетика, темир жол катнашы, темир жол акысын тактоо жана башка маселелерди чечебиз.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев эки өлкө ортосундагы экономикалык маселелердин дээрлик баары оңунан чечилгенин, мамиле-катыш жалпы сөз, опсуз мактоого тунбай, конкрет өң-түс ала баштагандыгына токтолду.

- Эми биз сөздөн ишке өтө баштадык. Кийинки 15 жыл ичинде чечилбей келаткан маселелер, мисалы, темир жол акысын улуттук режимге өткөрүү мына бүгүн чечилип жатат.


Кыргызстан үчүн Казакстан аркылуу өтчү темир жол акысынын улуттук тарифке өтүшүнөн кем калбаган орчун социалдык маселе – коңшу өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерибиздин проблемасын чечип берүү өтүнүчү айтылганын А.Атамбаев кошумчалады. Ал эми инвестициялык жаңы кордун кантип түзүлүшүнүн чоо-жайын өкмөт башчы момундайча чечмеледи.

- Казакстандан 100 миллион доллар кредит сураганбыз. Жыйынтыгында үстөк пайызы жок, кайтарылбас инвестиция алып жатабыз. Кыргызстан экономикасынын өнүгүшү үчүн 100 миллион доллар кирүүдө.

Казакстандын өкмөт башчысы «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» ГЭСтеринин менчиктештирилишине мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилеп, андай долбоорлор тикелей инвестициянын агылып киришине өбөлгө болорун айтты. А.Атамбаев эки ГЭС курулушуна инвестиция тартуу ачык тендердин негизинде жүргүзүлөрүн, ага кызыккан тараптардын баары катыша аларын маалымдады.

XS
SM
MD
LG