Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:02

К.БАКИЕВДИН ШАЙЛАНГАНЫНА 2 ЖЫЛ ӨТТҮ: ЖЫЙЫНТЫКТАР КАНДАЙ?


Мындан туура эки жыл мурда 10-июлда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, Курманбек Бакиев шайлоочулардын 88,9% добушун алган. Аны менен ат салышкан атаандаштары шайлоодо административдик ресурстар колдонулуп, бир катар мыйзам бузуулар болгондугун бүгүн да айтышууда. К.Бакиев шайланган убактан бери 2 жыл өттү, ал элдин үмүтүн актадыбы?

2005-жылдын 10-июлунда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо өз талапкерлигин койгон Токтайым Үмөталиева ал шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонугун бүгүн мындайча эскерди:

- Президенттик шайлоодо биринчиден, мыйзам бузуулар болуп, административдик ресурстар колдонулган. Экинчиден, Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин ошол кездеги жетекчиси Таштемир Айтбаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен кээ бир шайлоо участокторунда шайлоо урналарын көз көрүнө алмаштырган процесстер болгон. Анан шаар ичинде административдик ресурстарды кенен колдонушуп, ар бир райондордо казан-казан аш басылып, тамак берилген. Мындай шайлоону мен өмүрүмдө көргөн эмесмин, -деди Токтайым Үмөталиева.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын ошол кездеги төрагасы Туйгуналы Абдыраимов шайлоо мыйзамдын алкагында, ачык-айкын өткөрүлгөнүн 2005-жылдын 11-июлунда «Азаттыкка» берген маегинде айткан.

ЕККУнун кыска мөөнөттөгү байкоочуларынын миссия башчысы Киммо Килнен маалымат жыйынын өткөрүп эл аралык байкоочулар шайлоочулардын 75 пайызы добуш бергенине анча ишенишпестигин, 90 пайыздан ашуун шайлоочулардын катышканы апыртылып айтылган сан деген пикирин билдирген.

Президенттик шайлоого экс-талапкер, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу ошол кезде президенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн далилдеп Бакиевге документтерди бергенин эскерди.

- Мен шайлоо бүткөндөн кийин жеке эле элге, журналисттерге айтпастан президенттин өзүнө да кирип шайлоо участокторундагы протоколдорду көрсөткөм. Ошондо Курманбек Салиевич протоколдорду окубаптыр. Мен ага көрсөттүм. Шайлоо участокторундагы протоколдорду карасаңыз 100 пайыз эмес, жүз жыйырма, жүз отуз, жүз кырк пайызга чейин шайлоочунун санын жеткирип коюптур, Курманбек Салиевич деп айттым. Буга кантип ишенебиз. Кыргызстан боюнча ушундай болду. Экинчиден мыйзам бузуулар катталган беш папке документтерди бердим. Анан айттым,” мен сизге эч кандай жаман оюм жок. Шайлоо бүттүбү, мейли мен эл аралык жаңжал кылсам болот. Бирок Кыргызстандын келечегин ойлоп, эми Акаев кетти сиз экинчи президент болуп атасыз сизге насип этсин. Бирок айткан сөзүңүзгө туруңуз деп беш папкени берип атам”, деп бүтүндөй мыйзам бузууларды бергем, -деди Турсунбай Бакир уулу.

Саясатчылар арасында коомчулукта Курманбек Бакиевдин президенттикке шайланышына кайчы пикирлер айтылып келет. Айрымдары Бакиев шайлоодо татыктуу жеңишке жетишти дешсе, айрымдары анын шайланышына Феликс Куловдун да зор салымы бар экендигин айтышууда.

Жыл башында экс-премьер министр Феликс Кулов да кызматтан кеткенден кийин шайлоочулар жеке Курманбек Бакиевге эмес Кулов-Бакиев тандемине добуш бергенин айтып, президенттик шайлоону кайра өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан.Феликс Кулов ошондой эле президент Бакиевдин саясатына каршы чыкканын өлкөдө саясий туруктуулуктун жоктугу, экономиканын жакшырбай жатышы, үйбүлөлүк башкарууга жол берилиши себеп болгонун айткан.

Президент Бакиев болсо өлкөдө эки жыл аралыгында экономикалык өсүштөр болуп, жашоо-турмуш жакшырып келатканын айтып келатат.

“Арнамыс” партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору Бөдөш Мамырова болсо жакында эле аймактарды кыдырып келгенин, эл арасында азыркы бийликке ишеним аз экенин билдирди.

- Эки жылдан бери эч кандай жылыш болгон жок. Мындан ары да жылыш болуп кетерине шарт жок. Эл арасында мындай кеп болуп жатат. Негизи бул бийлик болбой калды. Баягы Аскар Акаевдин кыйраткан экономикасын көтөрүп, ошонун жүгүн тартып, элдин эртеңкисине үмүт жандыра турган бийлик болбой калды дешет.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун бийликтин эки жыл аралыгындагы оош-кыйыштарына токтолуп, Бакиевдин бийлиги экономикалык реформага басым жасап, өндүрүштү өнүктүрүү аракеттерин көрүп жатканын белгиледи.

2005-жылдын 10-июлда өткөн президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев, Турсунбай Бакир уулу, Акбаралы Айтикеев, Жыпар Жекшеев, Токтайым Үмөталиева, Кеңешбек Дүйшөбаев талапкерлигин коюшуп, шайлоочулардын 1 млндон ашууну же 88,9 пайызы Курманбек Бакиевге добушун берген.

XS
SM
MD
LG