Бизнес форум Ташкөмүр шаарынын жанында ферросиликоалюминий чыгаруучу завод куруу үчүн меморандумга кол коюу менен башталды. Меморандумга Кыргызстандын энергетика министри Игорь Чудинов менен Казакстандын соода министри Галым Орозбаков кол коюшту. Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин айтымында, бул заводдун курулушу кыйла казак ишкерлерин Кыргызстандын экономикасына инвестиция жасоого дем бермекчи. Ферросиликоалюминий чыгаруучу заводдун курулушу тууралуу ал мындай дейт:
- Иш жүзүндө бул долбоорду ишке ашыруу үчүн иштерди баштадык. Ушул эле жылы ал курула баштайт. Кийинки жылдын ортолорунда завод курулуп бүтүп, ишке киргизилет. Бул завод эмнеси менен жакшы? Бул долбоорду каржылаган адамдар Үчкоргон ГЭСин кайра калыбына келтирүүнү да каржылашат. Мындайча айтканда эки долбоор бир убакта ишке ашат.
Казакстандын премьер-министри Карим Масимовдун айтымында, учурда иштетилбей турган казак капиталы кыйла топтолуп калгандыктан, аларды пайдалуу иш долбоорлоруна инвестиция жасоо керек болуп турат:
- Казакстанда жана казак компанияларында Кыргызстанга олуттуу инвестицияларды жасоо үчүн өтө көп каражаттар топтолгон. Ошол эле убакта акча деген эсептөөнү, кайтарымды талап кылат. Андыктан экономикалык жактан пайдалуу, өзүн актай турган долбоорлор болушу керек. Эгер шарттар түзүлсө ушундай долбоорлор пайда болуп, капитал бул жакка келе баштайт.
Бир катар ишкерлердин айтымында, Казакстан нефти-газдын, табигый кен байлыктарынын эсебинен эсепсиз байып, каражаттарын инвестиция жасоо үчүн жаңы рынокторду издей баштады. Кыргызстандын ишкерлер коомунун президенти Чыныбай Турсунбековдун пикиринде, кандай болгон күндө да инвестициялардын келиши пайдалуу:
- Биринчи кезекте ишкерликтин өзүнүн кызыкчылыгы болот. Казакстан аябай өнүгүп, байлыгы ашып-ташып, акчасы көбөйүп калды. Каражаты көбөйгөндөр жаңы рынок издей башташат, жаңы инвестиция кыла турган аймак издей башташат. Анча өнүкпөгөн өлкө катары Кыргызстанга да кызыгуулар туулуп жатканы бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок негизги нерсе бул - өздөрүнүн бизнесин өнүктүрүү, жаңы аймактарды ээлөө болуп саналат. Эмнеси болсо да инвестициялардын келиши биз үчүн да пайдалуу.
Казакстандык ишкер, Чимкент цемент-шифер заводунун вице-президенти Шалкарбек Абылгазынын ырасташынча, казак ишкерлер Кыргызстанда саясий олку-солкулуктар болбой турса эле инвестицияны коркпой жасашат:
- Кыргызстанда саясат бир калыпта болсо, казак бизнесмендери акчаны коркпой салат. Андай болгондо тек гана казактар эмес Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн ишкерлери да акчасын алып келет. Эң биринчи саясат бир калыпта болуусу керек. Бизди коркуткан ушул.