Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

ЧЕЧЕН ПРЕЗИДЕНТИ РАМЗАН КАДЫРОВДУН БИЙЛИККЕ КЕЛГЕНИНЕ ЖҮЗ КҮН ТОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Чеченстандагы бийликке Рамзан Кадыров келгенине 100 күн толду. Эксперттердин пикиринде, президент болуп шайланганга чейин эле бийлиги кеңири тараган Кадыров жогорку даражага жеткенден кийин укуктарын ого бетер кеңейтти жана Маскөөдөгү федералдык бийликке дагы шарт кое баштады.

Рамзан Кадыровдун атасы президент Ахмат Кадыров Грозный шаарында 2004-жылдын 9-май күнү өлтүрүлгөндөн кийин орус президенти Владимир Путин дароо Рамзанды Кремилде кабыл алып, ага көңүл айткан. 28 жаштагы жигит май айында Чеченстандын биринчи вице-премьери болуп дайындалганда болсо, бардык эксперттер аны - келечекте бүткүл Чеченстанды бийлей турган адам катары кабыл ала баштаган жана ошол эле жылдын декабрында Путин ага Орусиянын баатыры деген наам берген, 2006-жылдын мартында болсо ал өкмөттү башкарууга келген.

Чечен конституциясы боюнча жумуриятаттын президенти болуп отузга толгон гана адам шайлана алат, ошондуктан былтыр октябрда Кадыров отузга чыккандан кийин президенn Алу Алханов кызматынан кетип, быйыл 2-мартта Рамзан Кадыров Чеченстандын жаңы президенти болуп шайланды, 5-апрелде болсо президенттик ант берип, кызматка киришти.

Андан бери өткөн 100 күн ичинде Рамзан өзүнүн ансыз деле кеңири бийлигин ого бетер күчөттү, премьер-министрлик орунга өзүнүн жээни Одес Байсултановду, ал эми Грозный шаарынын мэри кылып дагы бир жакын адамы Муслим Хучиевди дайындады. Жумурият конституциясына дагы дароо өзгөртүү киргизилип, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин узартылды.

Аны менен катар Чеченстан азыр Маскөөдөгү федералдык бийликке дагы шарт кое баштады. Татарстан, мисал үчүн, федералдык өкмөт менен бийлик бөлүшүү жөнүндө келишим түзсө, чечен жетекчилиги Маскөөдөн кошумча каражат бөлүп алууга аракеттенүүдө. Июнда чечен өкмөтү Маскөөгө кайрылып, Чеченстандагы бизнестин баарын федералдык салыктан бошотууну сурады жана эл чарбасын оңдоо боюнча атайын программа түзүп, ага федералдык бюджеттен үч миллиард доллар бөлүп берүүнү талап кылууда.

Адам укуктарын коргоочулар болсо Рамзан Кадыровдун өкмөтү жана ал өзү адам укуктарын одоно бузгандыгын өзгөчө белгилейт. Чеченстандагы абалды жакшы билген "Азаттыктын" кабарчысы Андрей Бабицкийдин айтымында, адам укуктары деген Рамзан үчүн жок нерсе: "Адам укуктары деген нерсеге ал эч көңүл бурбаган жетекчилердин бири, аны көптөгөн кан төгүү менен өлүмдөр, барымта менен башка мыйзам бузуулар үчүн күнөөлөшөт. Федералдык бийлик дээрлик жасабай калган нерсенин баарын азыр Кадыровдун жоокерлери жасап калды", - дейт Бабицкий.

5-апрелде президенттик ант берип жатканда болсо, Кадыров адам укуктары жөнүндө дагы сүйлөдү: "Чечен жумуриятанынын президентинин милдетин аткаруу учурунда мен эркиндик менен адам укуктарын, жарандык укуктарды сыйлоого жана коргоого ант берем, Чечен жумуриятынын көп улуттук калкынын укуктарын коргойм, аларга бүт дилим менен кызмат кылып, жумурияттын мыйзамдары менен конституциясын аткарам жана коргойм", - деген Кадыров апрелде.

Жакында интернет аркылуу таратылган жашыруун тартылып алынган видеодо Кадыровдун көзүнчө анын жоокерлери жаш кызды кыйнап жатканын көрсө болот.

XS
SM
MD
LG