Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

ПАКИСТАНДА КОЗГОЛОҢ БАСЫЛДЫ, БИРОК БАЛААМАТ ЭМИ БАШТАЛЫШЫ МҮМКҮН


Исламабадда өкмөт аскерлери Лал Масжид мечитин террорчулардан тазалоо операциясын аяктаганы калышты. Элүүдөн ашуун экстремист,алардын лидери жок кылынды. Бирок көпчүлүктү мындан аркы жагдай кандай болору тууралуу түкшөмөл ой-санаа түпөйүл кылууда.

Пакистан коргоо министрлигинин өкүлү генерал Вахид Аршад кызыл мечитте козголоңчулар каршылык көрсөткөн эки очок гана калганын, жакынкы сааттарда операция аяктарын кабарлады. Мечиттин аймагын азыр саперлор миналардан тазалап жатышат, алар жумушун бүткөн соң комплекске киргенге журналисттерге уруксат берилет.

Генерал Аршад операциянын жүрүшүндө элүүдөн ашуун террорчу,алардын башчысы Абдул Рашид Гази өкмөттүк аскерлердин огунан өлгөнүн ырастады. Барымтадан элүүдөй аял, балдар-кыздар бошотулду. Өкмөт аскерлери сегиз жоокерин жоготту.

Кызыл мечиттеги окуялардын жүрүшүн сырттан байкап тургандар операция маалында опот болгондор саны жүздөп саналат дешет. Мечиттен чыкпай калган аялдары менен кыздарын, балдарын издеп жаткандар да көп. Алардын бири абагайынын уулун таппай жатканын,ал медреседе окуганын айтты. Дагы бир өспүрүм кызды даректеп жүргөн аял буга кошумчалап, Абдул Рашид Газинин өлгөнүн угуп, анын тарапкерлери абдан ачууланып жатканын билдирди.”Газисиз биздин динибиз жетимсирей түштү, кызыбыздын жоголгонунан да Газинин өлгөнү бизди катуу кайгыга салды”,- деп айтты ал.

Пакистан парламентинин депутаты Сами-ул-Хак медреселерди минтип бүлүнтө берсе, Мушаррафка каршы эл газаватка көтүлүшү мүмкүн экенин эскертти. ”Өкмөт бу мечитке катылбашы керек эле, бир медресени жок кылгандан эчтеме чечилбейт. Алардын саны өлкөдө 100 миңден ашат жана баары бүткүл өлкөдөгү диний жамааттын колдоосуна таянат, өкмөт Кызыл мечитте кыянат жасап, аброюн кетирип алды”, - деп айтты Сами-ул-Хак.

Кызыл мечиттеги кризисти байкоочулардын көбү да бийликтер менен исламчылардын чакан согушу деп атап, алардын ортосундагы анык согуш эми тутанышы мүмкүн дешет. Исламчылар эсебинде бу айкашта 300дөн ашуун бейжазык киши өлдү. Муну алар өкмөттүн элге жасаган көз көрүнөө агрессиясы катары баалашты.

Кызыл мечиттеги тиреш кызып турган маалда Пакистандын түндүк-батыш аймактарында президент Мушаррафка кастарын тигип жүргөн күчтөр террордук бир нече акцияларды жасашты. Өкмөттүн бул аймактагы коопсуздук иштери боюнча мурдагы өкүлү Махмуд Шах ислам жаңчылары жакынкы аралыкта эле бийликтерге каршы жооп кайтарган аракеттерге өтүшү мүмкүн деп эскертти. Айрым радикал динаятчылар өз ыкыласмандарын Исламабаддагы бийликке көкүтүп, тукура баштады.

Ошону менен бирге Кызыл мечиттеги операциянын аркасында Мушарраф быйыл жыл этегинде боло турган парламенттик шайлоо алдында бир топ саясий упай да арттыргандай болду. Бери эле дегенде ал калкка мен кетсем кимдер бийликке келерин көрдүңөрбү дегендей ишараа кылганга жетишти.

Айрым бир апаздарда исламчылар менен саясий оппозициянын, алардын ар кошкон тарапкерлеринин катуу кысымына чыдабай Мушарраф бийликтен кеткенге аргасыз болушу да ыктымал деген түкшөмөлдөр айтылууда. Вашингтондогу стратегиялык изилдөөлөр борборунун Түштүк Азия боюнча адиси Александр Леннон азырынча минтип айтканга өтө эле эртелик кылат дейт. Ошол эле учурда Мушаррафтын эми мөөнөт-мөөртү тарый түшкөнүн да моюнга алып, Леннон мындан аркы иштер жайчылык оролго түшөбү же кандайдыр бир кооп-козголоңдорго айланып кетеби, баары ушуга жараша болушу мүмкүн деп божомолдойт. Быйыл күз этегинде катар-катар шайлоо кампаниялары өтөт, алар олуттуу опур-топурга өтүп кетсе, анда бүткүл өлкөдөгү системада да өзгөрүүлөр болуп кетиши ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG