Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:49

ЖУРДИПТЕР КИМДЕР?


Кыргызстанда жаңы кызмат даражасы пайда болгонун, аны «журдип» деп атай башташканын, чечмелей келгенде «журдип» деген- «журналист- дипломат» дегенди түшүндүрөрүн, кыскасы бул кесип… чет өлкөлүк меймандарды кабыл алып же алардын кабыл алуусунда болгондон бөлөк эч нерсе кылбаган бекерпоздордун кесибине айланганын, ага жетүүнүн башкы талабы-бийликтегилердин башынан аягына дейре ылай төгүп, өзүн болсо эл-жерге күйгөндөрдүн чыныгы күрөшүүчүсү катары көрсөтүү… бийик трибуналардан бийик сөздөрдү сүйлөө … анан дал ошол принциптерди бийликке сатып жиберип, каалаган өлкөңө элчи болуп кете берүү… Ал эми эларалык укук маселелерин, ошол барган өлкө элинин тилин, дипломаттык этикет дегендерди билүүнүн эч кандай кажети жок, деп жазган «Комсомольская правда Кыргызстан» гезити, жакында эле АКШдан кайтып келген ЖК орунбасар төрагасы К.Исабеков АКШдагы Кыргыз элчилигинин ишине катуу нааразы болгонун, Кыргызстандын Америкадагы элчиси Замира Сыдыкова баласынын мектепти бүтүрүү тоюнан кийин башы ооруп калып, АКШ мамлекеттик департаментиндеги жолугушууга келбей калганын, Кыргызстандын Австриядагы дагы бир журдип элчиси Рина Приживойттун болгар жаранына турмушка чыгып алганын, башка өлкөнүн элчиси кызматында иштеп туруп башка өлкөнүн жаранына турмушка чыгып кеткен мындай адам бул жооптуу кызматта иштегени туура эместигин, жакында өкмөт алдында деги эле элчиликтер эмне кызмат кылат, деген маселени коерун жазат. Гезит ошону менен бирге эле бүгүнкү доордун саясатчыларында тырнактын агындай да чынчылдык, адилеттүүлүк деген касиеттер тумтак жоктугун, муну өз учурунда аркы жээктен берки жээкке өтүү менен Алмазбек Атамбаев эң сонун далилдегенин, ал эми ушул жылдын 5-майында Байтик айылындагы курултайда сүйлөгөн М.Эшимканов жакында гезитине «Дудук козулар» аттуу чуулгандуу макала жарыяларын, ал макалада бүгүнкү бийликтин анык жүзү айгине болорун, макала чыгары менен коомчулуктун көзү көп нерсеге ачыларын айтканын… Анан андан көп өтпөй эле Мелиске элчилик кызмат сунушталганын… «Дудук козулар» аттуу макала да жарык көрбөгөнүн. Эми күнү кечээ эле эки өтүктүн түгөйүндөй болуп Алмазбек Атамбаев менен Мелис Эшимканов жолугушуу уюштурганын «Кыргызстандын кадырын журдиптер түшүрүүдөбү?» деген макаласы аркылуу баяндады.

«Общественный рейтинг» гезити Бишкекте өтүүчү саммит Батыш үчүн жагымсыз белек даярдап, Шанхай Кызматташтык Уюмуна газга бай Түркмөнстанды аралаштырып жатканын, түркмөн президенти саммитке ардактуу мейман катары чакыртылганын, кезинде бул уюмдун анык мүчөсүнө айланган Өзбекстанды, анын президенти Ислам Каримовду да адегенде ушинтип апкелишкенин, Бишкек саммитинин эртеси президенттер Челябинск облусундагы Чебаркөл полигонуна жөнөшөрүн, аерде «Тынчтык тынымы-2007» деп аталган сыноо өтүп, ага Иран президенти Махмуд Ахмади-Нежад катышарын… кыскасы Бишкекте өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Иранга колдоо көрсөтүү жана АКШга каршылык кылуу сөөлөтүндө өтө турган болуп калгандыгын жазды. Ушул эле гезит айрым бир айың сөздөргө караганда «Пирамида» телеканалынын уставдык капиталынын бир бөлүгүн Иисус Христос Чиркөөсү сатып алып, өз ишенимин үгүттөгөн телеберүүлөрдү тартуулатып келатса, мамлекеттик деген КТРдын бир радиоканалы көп жылдар бою диний, айрыкча христиан багытындагы уктурууларга басым жасап келгенин, ал эми жакында пайда болгон «Эхо Манаса» телеканалы жалаң гана ислам динин үгүттөп киргенин, бул боюнча дин иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин эксперти Канатбек Маматалиевге кайрылганда, азыркы күндө мыйзам алкагынан чыкпаса каалаган уюм каалаган маалымат каражаттарын сатып алса болорун кабагым-кашым дебестен туруп билдиргенин белгилеп, Кыргызстан ММКларынын уставдык капиталдарын ар түрдүү диний конфессиялар, секталар сатып алып чүлүктөп жүрөт деген айың кептер кийин чындыкка чыга турган болсо буга таң калуунун деле кереги жок деп жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG