- Кечээ кыргыз-казак бизнесмендери чогулуп, бирге иштешүү тууралу сүйлөшүштү. Ташкөмүр шаарынын чет жакасында алюминий заводун куруу боюнча чечим да кабыл алышты. Сиз ушул форумдун жыйынтыгын кандай баалайсыз?
- Мындай форум такай эле мурун болуп жүрчү. Өзгөчө Нурсултан Назарбаевдин Орто Азия өлкөлөрүндө экономикалык бирдиктүү зона кылуу боюнча жакшы ойлору болгон. Биз да муну туура көрөбүз. Себеби Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен чегараны ачып, ошолор менен бир алкактагы экономикалык саясат жүргүзсөк бизге дээрлик жакшы болот эле. Тилекке каршы өлкө жетекчилери өзүлөрү жалпы тил табыша албай, ушул 3-4 өлкөнүн элин бир топ кыйнап коюп атат. Ал эми кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү көптөгөн ой-максаттардын чечимин камтыды. Эки өлкөнүн ортосунда түзүлүп аткан фондду иштетүү маселеси мамлекет башкаруучулардын колуна тийбей, кичине принципиалдуу элдин максатын көздөгөн адамдарыбызга тийип, ошолор башкарса жакшы эле болот эле. Биздин оюбузча бул жакшы, туура максат.
- Казакстандын премьер-министри Карим Масимов кечээ Камбарата ГЭСтерин менчиктештирүү боюнча тендерди утуп алууга Казакстанда бүт мүмкүнчүлүк бар деп айтты. Сиз ушул Камбарата ГЭСтерин менчиктештирүүгө каршы болуп келатканыңыз белгилүү. Казак премьеринин бул билдирүүсүн кандай кабыл алдыңыз?
- Бизде акыркы кезекте ушундай тенденция жүрүп калды, мамлекет башына кимиси келсе деле шак эле менчиктештирүү деп түшүнө киргенсип эле айтып жатып калышат. Камбарата ГЭСтерин кайбир күчтөр менен курууга болот. Бирок эң эле негизги маселе биздин өзүбүздүн республиканын ичиндеги коррупция жоюлбай атпайбы. Мамлекет башында отурган адамдар акча көрсөтүп койсо аялын сатканга даяр болуп эле каалагандай сатып коюп атышат. Ошон үчүн менчиктештиргенде дагы чет өлкөлүк жарандардын инвестициясын тарткан күндө дагы аларды биздин өзүбүздүн мыйзамдарды сыйлап, так аткарылышына жетишүүбүз зарыл. Кептин бары өзүбүздө болуп атат, өзүбүздүн башкаруучулардын уурулугу, казынага кол салгандыгы, келгенде эле бала-бакырасын, урук-тууганын байытканга аракет кылганы, мына ушунун бардыгы тең чет өлкөдөн келген инвесторлорду бир чети оюна келгендей кылып коюп, экинчи чети биздин мыйзамдарды сыйлабагандыгына, коркуп-качып кетүүсүнө алып келип атат.
Ал эми Камбаратаны бирөөнүн колуна менчик кылып берип салыш бул стартегиялык жактан өтө коркунучтуу нерсе. Жадакалса килейген эле Россия бүгүнкү күнгө чейин биздин электр энергия системасын бул мамлекеттин гана менчиги болот деп бир топ мезгилге чейин менчикке сатуу жөнүндө оюна да келген жок. Биз өзүбүз чимкиригибизди тарта албай атып эле колубузда болгон нерсенин баарын сатып ийип эле колубузду чөнтөкө салып ары-бери басып ойноп жашагыбыз келет.
- Казакстан азыр кызыгуу артып, бизде толук мүмкүнчүлүк бар деп айтканы эмнени билдирет? Бул жакшы көрүнүшбү?
- Бул мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде сүйлөшүлүп, ал эми ортодогу бериле турган акчалар даяр болуп калгандыгы. Экинчиси, башкаруучулар акчага сатып алып тендерди жеңип алаар мүмкүнчүлүгү бар экенинин айтып атса керек.
- Бирок ошол кечээги жолугушууларды, экономикалык алакалардын чындап өнүгүшүнө ишенесизби же Камбарата ГЭСтерин эптеп ээлеп калыш үчүн эле казак тарап мамилеге барып атабы?
- Мунун эки жагы тең бар. Сөзсүз түрдө Камабарата ГЭСтерине, биздин стратегиялык мааниси бар электр энергия системасына ээлик кылуу, албетте алардын да стратегиялык саясаты. Ошол эле мезгилде ошонун эсебинен байып кетүү бул бизнесмендердин көздөгөн максаты. Бир жагынан Камбаратаны куруп электр энергиясынан мамлекетке элге пайда тийсе жакшы. Экинчи жагынан уттуруп жиберебиз эгерде биз ошону ээлик кыла албай калсак, башкарууну мамлекеттин колунан чыгарып жиберсек, анда албетте бул кооптуу болуп эсептелет.
- Маегиңизге чоң ырахмат.