Айрым байкоочулар былтыркы апрель, ноябрь айларындагы жана үстүбүздөгү жылдын апрелиндеги митингдердин келип чыгышы 24-марттан кийин президент Курманбек Бакиевдин элге берген убадаларынын аткарбагандыгынын натыйжасы дешет. Экс-спикер, Кыргызстан патриоттук кыймылынын кеңешинин мүчөсү Мукар Чолпонбаевдин пикиринде эки жылда өлкөдө эч кандай олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок, ошондуктан азыркы бийлик элдин ишениминен кетүүдө.
-Бакиев элге берген убадаларынын бирөөнү да аткарган жок. Мисалы, Конституциялык реформа боюнча. Ноябрдагы митингдин басымы менен жаңы Башмыйзамды кабыл алдырып, анан бир жарым ай өткөндөн кийин өзүнө ылайыкташтырылып жазылган Конституцияны кайра кабыл алдырып алды. Мунун өзү бу кишинин реформага барбай тургандыгын көргөзүп койду. Экинчиден, коррупция менен күрөшөм деди. Коррупция менен күрөштүн кенедей жылчыгы да көрүнбөйт. Мурункуга караганда коррупциянын өтө күчөп бараткандыгы байкалат.
Мукар Чолпонбаев президент Бакиев Аксы окуясын аягына чыгарам, Аскар Акаевдин мүлкүн элге кайрып берем деген убадаларын да аткарган жок деп эсептейт.
Коомчулукта азыркы бийликтин куру саясатты токтотуп, өндүрүштү өнүктүрүүгө, экономиканы өстүрүүгө кылган аракетин колдогондор да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Арзыбек Буркановдун баамында жаңы бийликтин келиши менен сырттан инвесторлор көп тартылууда.
-Менин оюмча жаңы президенттин келиши менен бир топ жылыштар болду. Экономика да жанданып калбадыбы. Инвесторлор келип атат. Бюджеттин да эки эсе көтөрүлүшү бүгүнкү бийликтин кылып жаткан жумушу,-деди Арзыбек Бурханов.
Кийинки эки жылда өлкөдөгү өзгөрүүлөргө карапайым калктын көз карашын билүү максатында Бишкектин көчөлөрүнөн сурамжылоо жүргүзгөнүмдө алардын жообу төмөндөгүдөй болду.
Айболот Сулайманов: - Менин жеке оюмда эл көзүнө көрүнгөн эч кандай олуттуу өзгөрүү болгон жок. Көпчүлүк эл өзүнүн арбайын өзү согуп, эптеп оокаттарын кылышууда.
Рысбек: –Негизинен өлкөгө туруктуулук керек. Кудайга шүгүр, азыр турукташып калды.Бирок биз ойлогондой өнүгүү жок.
Канат: - Өзгөрүүлөр болуп атат. Элге журтка жакшы эле болуп калды.Мына Бишкекти карагылачы кандай кана курулуштар курулууда. Эмгек маяна, пенсиялар убагында берилип жатат.
Айым: -Эч кандай өзгөрүү болгон жок. Мисалы, мен экинчи топтогу майыпмын. Пенсиям деле ошол боюнча. Өкмөт тарабынан кошумча каражат бөлүнгөн жок. Кыйналгандар кыйналып эле жатышат. Экономиканы көтөрүп элдин жашоо турмушун жакшыртайын деген Бакиевдин эч кандай иши деле көрүнбөйт.