Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

ӨКМӨТТҮК ЭМЕС УЮМДАР ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫН АНЧА ЖАКТЫРА БЕРИШПЕДИ


Өкмөттүк эмес уюмдардын жалпы улуттук форумунда президент кол койгон өлкөнүн өнүгүү стратегиясы тууралуу да сөз болуп, ага карата бир катар сындар айтылган эле. Бүгүн маалымат жыйынында бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү эмне себептен бул программаны сынга алышканын ачыкташты. Алардын айтымында бийлик бул стратегияны иштеп чыгып жатып, көптөгөн коомдук уюмдарды катыштырбай койгон. Ал эми бийлик өкүлдөрү болсо бейөкмөт уюмдары бул стратегияны ишке ашырууда өз ойлорун айтып, тыгыз кызматташа беришсе болот дешет.

Президент кол коюп, мамлекеттин аткара турчу иш-максаттары жазылган өлкөнүн өнүгүү стратегиясы 2010-жылга чейин багытталган. Бейөкмөт уюмдары бийликтин ушул программасын жалпы улуттук форумда да сынга алышып, маалымат жыйынында анын себептерин айтып беришти. “Эл аралык толеранттуулук үчүн” бейөкмөт уюмунун президенти Рая Кадырованын айтымында, бул жолку өлкөнүн өнүгүү стратегиясы начар иштелип калган. Ошондой эле ал өкмөттүк эмес уюмдар бул стратегияны иштеп чыгууда катышпай калганы туура эмес болгонун айтат:

- Ушул стратегияны такыр эле жакшы деп айтууга болбойт. Бейөкмөт уюмдары болсо өлкөнүн өнүгүү стратегиясы иштелип чыгып жатканда кошулбай калды. Көп маалыматтар Кыргызстан боюнча жакшы таралган жок. Ошондуктан биз стратегияны сөзсүз сынга алабыз. Бирок стратегия алдыбызда туруп аткандан кийин, ага президент кол коюп аткандан кийин, биз анын ишке ашышы үчүн киришебиз.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү ошондой эле бул программа жакшылап изилденбегенин, мыкты адистер тартылбаганын, экономикалык жактан ылайыксыз жерлери да бар экендигин айтышат. Дагы бир укук коргоочу Чынара Сейдакматованын пикиринде, бийлик өлкөнүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыгып жатып, башка ой-пикирлерди эске алган эмес:

- Бир изилдеп туруп, ага далилдерди келтирип, кошумча программа түзүп, ойлонуп, кеңешип туруп анан ушул программа жолго коюлса, анда биз макул болсок болот эле. Андай болбой жатпайбы. Изилденген жок да.

Бийлик өкүлдөрү бул программага өлкөнү өргө тарта турчу мыкты долбоорлор киргенин айтышууда. Президенттин администрациясынын өкүлү Азамат Дикамбаевдин ырасташынча, бейөкмөт уюмдарынын бул программаны иштеп чыгууда катышпай калдык деген дооматтары туура эмес:

- Жарандык коом өлкөнүн өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда ар кандай жолдор менен катышса болот. Маселен, мониторинг жүргүзүү, стратегиянын ишке ашуусун байкоо. Биз чынында бул программанын кайсы бир бөлүгүн ишке ашырууда жарандык коомдон жардам сурайлы деген оюбуз бар. Ал эми андай уюмдарды тандоо конкурстун жана ачык тендердин негизинде жүргүзүлөт.

«Болуш» ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаевдин пикиринде, бүгүнкү бийликтин саясий эрки жок болгондуктан бул программанын ишке ашуусу күмөн. Анткени бул программага жооптуу бирөө болбогондуктан, кийин бири-бирине шылтап коюшат дейт ал:

- Ушул саясатта, бүгүнкү бийликте саясий эрк барбы деген суроону берип келебиз. Бирок эч кимден жооп ала албадым. Саясатта эрк болбогондугу үчүн ушул программа да ишке ашпайт. Анткени жооптуу киши, жооптуу орун да жок. Кийин ушул программа аткарылбай калса кимден сурап алабыз. Бири-бирине шылтап туруп, басып кетишет.

XS
SM
MD
LG