Ушул айдын башынан тартып “Манас ордо” улуттук комплекстин Кароол Дөбөнүн түндүк бетин атайын тосмо менен тосуп, кандайдыр бир адамдар чалгындоо ишин башташты. Мындай ишке Таластагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү нааразы болуп 11-июль күнү алар жыйын өтүштү.
- Бүгүн атайын бей өкмөт уюмдар чогулуп, демилгелүү топ түздүк. "Манас ордо" комплексинде жүрүп жаткан Кудайга жакпаган көрүнүштү көрүп жатабыз. Кайсы мыйзамдын негизинде мындай иш кылып атканын билели дедик эле. “Манас ордо” комплексине бир гана кыргыз эли эмес көптөгөн чет элден зыярат кылып келишет. Бул ыйык жерлерди казуу, ордунан козгоо болбойт. Азыр биз төбөл башчысы Т.Чоюнбаев мырзага атайын жолдодук,-деди “Манас-1000” деп аталган бейөкмөт уюмдун башчысы Серен Шейшенов.
Чалгындоо иши тууралуу чалгындоо ишин жүргүзүп жаткандар да, комплекстин башчысы Ормош Чоюнбаев жана облустун губернатору Байымбет Мураталиев да “Азаттыкка” маалымат берүүдөн баш тартышты. Кароол Дөбөдө 2002-жылы Грузия мамлекетинин өкүлдөрү келип казуу иштерин жасап, кайра экс-президент Аскар Акаевдин буйругу менен иш токтотулган. Бирок анда чалгындоо иши Кароол Дөбөнүн түштүк жагында болгон. Азыркы тапта өткөрүлүп жаткан чалгындоо ишине “Манас ордо” улуттук комплексине 400 миң сом төлөнгөн.