Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:54

МАСКӨӨ МЕНЕН КАЗАН ЖЕТИШКЕН КЕЛИШИМДИ ЭКИ ПАЛАТА ТЕҢ БЕКИТТИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын федералдык Совети 11-июлда борбордук бийлик менен Татарстан жумуриятынын ортосундагы укуктарды чектөө боюнча келишимди бекитти. Келишим былтыр түзүлүп, этегине Орусия жана Татарстан президеттери – Владимир Путин менен Минтимер Шаймиевдер колодорун коюп бышыкташкан. Ал документ жумурияттын чегинде орус жана татар тилдерине мамлекеттик тил укугун берет. Ошону менен катар Казанга чет элдик экономикалык байланышын өз алдынча өнүктүрүүгө да укук берет.

Орусияда татарлар - өлкөдөгү саны жагынан экинчи орунда турган же калктын 4 пайызына чукулун түзгөн эл. Борис Ельцин 90-жылдары Казан бийлигине автономиялуу жумурияттын укугун берген. Кийин Владимир Путин келгенден соң Казан ал укугунан айрылган. Бирок аймактарды жогорудан ылдый карай теске салуу тартиби кирип, Кремль кожоюндук кыла баштаган кезде капилеттен эле Маскөө менен Казан жаңы келишим (2003-жылы – ММ) түзүшкөн. Орусиялык мыйзам чыгаруучу өйдөкү жана ылдыйкы палаталар бул күндөрү ошол келишимди бекитишти.

Ал документтин аркасы менен эми Татарстан жумурияты экономика, экология, маданият өзгөчөлүгүн эске алып борбор менен эки тараптык келишим түзүп чыгат. Мындан ары өлкөнүн жогорку орунун талашам деген талапкер мамлекеттик болуп эсептелген орус жана татар тилдерин билүүгө милдеттүү болуп калды. Бул да ошол келишим арибинен улам болмок болду. Татарстан жумуриятынын атуулдарынын ысымдары паспортторуна татар тилинде да көргөзүлмөк болду. Келишим берген укукта «Татарстан федералдык борбор менен бирге өз жер байлыгын, алардын катарында карамай чыкчу булактарын пайдалануу маселесин чече алат»-деп жазылган.

Бул келишим Казан бийлигине өлкөнүн башка субъекттери жете элек укуктарды бергенин көп кеп кыла башташты. «Советская Россия»: «Татарстан эмне, РФнын бир субъектиси эмеспи? Эмне үчүн аны менен келишим түзүлдү, эмне үчүн аны палаталар эл аралык шаанилүү келишимге теңеп карап ратификация жасашты?» - деп сурайт. Маселен, ал эми документке каршы чыккандардын бири, Мамдуманын депутаты, «Орус патриоттору» бирикмесине мүчө Сергей Глотовдун айтканына караганда, «жамы журттун ыркын буза турган көрүнүш дал ушул келишим болуп эсептелет».

«Буга окшогон мамалекеттин ичиндеги мамлекет эмне экендигинин жообун биз небак бергенбиз», - деген Сергей Глотов.

Татарстандын лидери Минтимер Шаймиевдин мурдараакта айткан пикирине караганда жумурият эгемендүүлүгүн сактап өз алдынча боломун дегенде да аны азыркы учурда ишке ашыруу оңой-олтоң иш эмес:

«Биринчиден биздин экономикабыз (борбор менен – ММ) биргелеш интеграцияда. Орусиянын ортосунда турабыз. Ошол, бүгүнкү күндөгү экономиканы, маселен, улуттук коопсуздукка, армияга дагы башка мамлекеттик курулуштун табигый пайдубалын курууга чегире келгенибизде анын эч нерсеге жетпешин көрөбүз, анан кайдагы көз карандысыздык?» - деген президент Шаймиев.

Анализчилер болсо Казан менен Маскөө бийликтери жетишкен жаңы келишим канткен менен өлкөдө саны жагынан аздык кылган элдердин ойгонуусуна өрнөк болот дешет. Мурас корунун Маскөөдөгү бөлүгүн жетектеген Евгений Волк айтканга караганда, «буга окшогон келишимди эми Чеченстан, Башкортостан жана Саха жумурияттары талап кылышат».

XS
SM
MD
LG