Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

13-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1928-жылдын бу күнү Борбордук Аткаруу комитетинин кашындагы мурдагы Кызыл аянтта коргоонуу даярдыгы көрсөтүлдү. 1935-жылдын 13-июлунда СССР Элдик комиссарлар комитети менен ВКП (б) биргелешип Кыргыз АССРнин мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик планын» кабыл алды.

Борбордук Аткаруу комитетинин кашындагы мурдагы Кызыл аянт, азыркы Кыргызстан калктар Ассамблеясы жайгашкан имараттын маңдайында шаардыктар 1928-жылдын бу күнү Советтер Союзун коргоо үчүн даярдыгын көрсөтүштү. Кызыл аянтта митинг жана аскердик демонстрация өткөрүлгөндөн кийин, шаардыктар коргоо камылгасын Эмен багындагы мылтык атуу боюнча мелдеш менен улантышты.

СССР Элдик комиссарлар комитети менен ВКП (б) биргелешип 1935-жылдын 13-июлунда «1935-жыл үчүн Кыргыз АССРнин малчарбасын өнүктүрүү туурасындагы мамлекеттик планын» кабыл алган.

Кыргызстандын айрым маалымдоо каражаттары 1943-жылдын 13-июлунда «Н» аскер бөлүгү Советтер Союзунун баатыры, маркум Чолпонбай Түлөбердиевдин ысмын 9-ротага түбөлүк жазуу туурасында чечим чыгаргандыгын кабарлашты. 9-ротанын аскерлери Чолпонбай Түлөбердиевдин душман амбразурасын денеси менен тоскон каармандыгына суктанышып, анын эрдиги алардын эсинде түбөлүк сакталаарына ант беришкен. Кыргызстандык жоокер көрсөткөн эрдик алар үчүн үлгү катары кызмат кылып, аскер бөлүгүнүн мындан ары күжүрмөндүккө үндөй тургандыгын белгилешкен.

1953-жылдын 13-июлунда өткөн Кыргызстан КП БКнын атайын чакырылган пленумунда Маленков менен Хрущев ачыкка чыгарган «Лаврентий Бериянын Ички иштер министрдигин СССР өкмөтүнүн үстүнө коюга жасаган митайым аракетинин жүзү ачылгандыгы» туурасындагы маселе каралды. Бу маселе боюнча билдирүү жасаган Фрунзе обком партиясынын биринчи катчысы Казы Дыйкамбаев Л. Бериянын алдамчы саясатын айыптап, коммунисттик партия мындай иштен ардайым сак тураарын билдирген.

Бу күнү, 1882-жылы Ригада телефон түйүнү ишке киргизилип, 1938-жылы Бостондо биринчи телетеатр ачылып, 1894-жылы орус жазуучусу Исаак Бабель, 1928-жылы жазуучу Валентин Пикуль жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG