Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

КОРКУТУП АКЧА АЛЫП ЖҮРГӨНДӨР КАРМАЛДЫ


Кыргызстанга контрабандалык жол менен күйүүчү май ташыган “Деңиз-Ойл” фирмасын уюшкан кылмыштуу топ көзөмөлгө алып “калканыч” болуу менен ай сайын 20 миң доллар алып турушкан. Милиция уюшкан кылмыштуу топтун бетин ачып 3 мүчөсүн камакка алды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, Рысбек Акматбаевдин өлүмүнөн кийин уюшкан кылмыштуулук кайрадан баш көтөрө баштаган, былтыр 21 мүчөсү кармалган. “Деңиз-Ойл” фирмасы тарабынан Кыргызстанга контрабандалык жол менен алып келинген күйүүчү май үчүн ай сайын 20 миң америка долларын раматылык Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобуна төлөп турушкан. Бул тууралуу аталган фирманын жетекчиси Роман Шегай маалымат каражаттарына билдирген.

Учурда Рысбектин ордун баскан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү фирманы көзөмөлдөп, “шапкесин” алып турушкан. Алардын айрымдары Чүй облусунун Панфилов айылына жакын жеринен кармалган. Алар контрабандалык жол менен Казакстандан мамлекеттик номери жок “Урал-131” үлгүсүндөгү эки машина менен 10 тонна күйүүчү май алып келип, “Деңиз-ойл” фирмасынын май куюучу жайлары аркылуу сатуу максатын көздөгөн.

Анткен менен, саясий чөйрө Ички иштер министрлигинин кылмыштуулукка каршы күрөш жаатында жүргүзүп жаткан ишине канагаттанган жери жок. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин айтымында азыр милиция уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкөнгө караганда, экономикалык кылмыштарга каршы катуураак күрөшүп жатат. Алар айлыгынын аздыгынан, профессионалдык деңгээлинин чабалдыгынан да өз кызыкчылыгын ойлоп, рэкет болуп алышкан. Ошондуктан милицияны реформалоо зарыл:

- Милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы аракети алымсындырбайт. Кеп кылмыш кодексин күчөтүүдө да эмес. Министрлерге, өкмөт мүчөлөрүнө, саясатчыларга, бардыгыбызга азыр саясий эрк керек. Психологиялык жактан өзгөрүп, бир үй-бүлөгө, бир президентке же өкмөт башчысына кызмат кылууну токтотуш керек. Эгер милиция өзүнүн кызыкчылыгын пайдасын гана ойлоп ишкерлерди, цехтерди тоноп, рекет болуп алышканын токтотпосо эл эч убакта ишенбейт. Алар элди коргобой эле, айрым учурда кордоп жатышат. Бул системаны реформалап, санын кыскартып, сапатын жогорулатуу зарыл.

Милициянын ардагери, запастагы полковник Акыл Акуновдун көз карашында кылмыштуулукка каршы күрөшкө тоскоолдук кылып жаткан факторлор- мамлекеттик кызматкерлер менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн биригип кетиши жана милицияда кесипкөй адистердин жетишсиздиги.

- Мамлекеттик кызматкерлер менен кылмышкерлер тобундагылардын аралашып кеткендиги милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылып, тескери таасир этип атат.

Аксуулук Канат Карыбаевдин пикиринде таанымал криминалдар кармалганы менен кандай күнөөлөрү бар экендиги ачык айтылбай мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылбай атат.

“Ошондой эле коркутуп акча алуу фактылары Ысыккөлдөгү эс алуучу жайларда дагы кезигет,”- дейт Канат Карыбаев.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG