Конгресс үчүн Ак Үй даярдаган докладда Ирактагы согуш жана Ирак өкмөтү аткарган иштер 18 критерий боюнча бааланат. Президент Буш Вашингтондо өткөн маалымат жыйында сүйлөп, Ирак бийликтери Багдаддын коопсуздугун камсыздоону жакшыртканын белгилей кетти:
- Конгресс бекиткен 18 критерийдин сегизи боюнча бир аз жылыштар бар деп айта алабыз. Мисалы, Ирак бийлиги Багдаддын жана анын чет жакаларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн үч бригада түздү. Бул бөлүктөрдү даярдоо, куралсыздандыруу жана модернизациялоо үчүн Ирак өкмөтү өз каражатынан 7 миллиард 300 миллион долларга жакын сарптады.
Жорж Буш кемчиликтерге да токтолду:
-Ирактыктар башка сегиз тармакта көп иштерди бүткөрүшү зарыл. Маселен, жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү же мунайдан түшкөн кирешени бөлүү жөнүндөгү мыйзамды өткөрүү үчүн жетерлик аракет кылынбаган.
Президент Буш эгерде Конгресс аскерлерди Ирактан чакырып алуу жөнүндө мыйзам кабыл алса, ага вето жарыялай турганын эскертти. Берегидей мыйзам долбоору азыр Конгресстин эки палатасында талкууланып жатат.
Акыркы жумаларда бир катар таасирлүү республикачыл сенаторлор Буштун Ирак саясатын колдобосун билдиришкен. Алар Ирактан аскерлерди чыгарып кетүү маселесинде оппозициядагы Демократтык партияны колдойбу, белгисиз.
Жорж Буш саясый реалдуулукту: көпчүлүк конгрессмендер, атүгүл америкалыктардын басымдуу бөлүгү анын Ирак саясатын колдобосун билээрин, бирок өз стратегиясын саясатка негиздебей жүргүзгөнүн айтты:
-Ирактагы күчтөрүбүздү биздин командирлер кырдаал оңолду дегенден кийин чыгарабыз. коомдук пикирди сурагандар бул саясат үчүн жакшы десе эле, аскерлер чыгарылбайт.
Жорж Буштун артынан эле демократ- сенаторлордун бир тобу да пресс- конференция өткөрүштү. Алардын бири Дик Дюрбиндин айтышынча, Буш өз стратегиясын алга түртүп, Ирактагы кырдаалды жана Америка элинин маанайын эске албай жатат. Аскерлерди Ирактан качан чыгарат деп күтүү- көптөгөн америкалык жоокерлерди өлүмгө айдоо барабар деди сенатор.