Ал рейтинг 11-июлда жарыяланды жана дүйнө мамлекеттериндеги маалымат технология тармагындагы абал алты негизги сапат боюнча бааланган, алар - ишкердүүлүктөгү жалпы абал, маалымат тармагындагы инфраструктура, тармакта иштеген адистердин деңгээли менен сапаты, маалымат тармагындагы ишкердүүлүктү жөнгө салган мыйзамдар, тармакта жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн деңгээли жана ал изилдөөлөрдү өндүрүшкө киргизүүнүн абалы. Бардыгы болуп болсо маселенин 25 ар башка жагы каралып-изилденген.
Мурдагы советтик жумурияттардын ичинен жети өлкөдөгү гана абал каралган, алар - үч Балтик жумурияты, Орусия, Казакстан, Украина жана Азербайжан. Маалымат тармагындагы өнүгүүдөгү таймашта эң күчтүү теңтайлашуучу деп Америка Кошмо Штаттары таанылган, экинчи орунда Жапония, үчүнчү - Түштүк Корея, төртүнчү болуп Улуу Британия таанылган, ал эми бешинчи орунда Австралия.
Илим жана технологиянын алдыңкы үлгүлөрүн колдонуп, дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттер деп эсептелинген Алмания, Франция же Гоңконг алдыңкы орундарга чыккан эмес жана, мисал үчүн, Тайван, Швеция же Дания алардан алдыга коюлган.
Дүйнөлүк рейтингде Эстония 25-орунга чыкты, анын алдында Италия менен Испания, Эстония менен кошо 25-орунда Португалия, алардын артында болсо Словения, Мажарстан жана Чехия. Латвия менен Литва 34- жана 35-орунда, Орусия алардан бир кыйла артта - 48-орунда, ал эми Украина, Казакстан жана Азербайжан 56-, 58- жана 62-орунда.
Отчеттун авторлорунун айтымында, келерки жылдарда маалымат технологиялар тармагындагы таймаш күчөйт жана азыр алдыдагы мамлекеттерге Индия менен Кытай күчтүү конкуренция түзүшү мүмкүн. Индия азыр 46-, ал эми Кытай 49-орунда. Андан тышкары, маалымат технологиялары азыр Орусия, Бразилия, Малайзия жана Виетнамда күчтүү өнүгүп келатат.
Жалпысынан алганда болсо бул тармактагы ийгилик ишкерлердин жигердүүлүгү менен инвестицияларга гана эмес, жалпы мамлекеттик колдоого өтө көз каранды, анткени өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүгө тийиш.
Маалымат технологиялары азыр жалпы экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн негизги шарттарынын бирине айланууда жана СССР чачырагандан кийин үч Балтик жумурияты ушул тармакка өзгөчө көңүл бургандыктан, жаратылыш байлыктары аз болгону менен, мурдагы советтик жумурияттардын ичинен алар эң ыкчам өнүккөн мамлекеттерге айланды.
Тармакты өнүктүрүү үчүн болсо билимдүү адистер менен талаптуу инфраструктурадан тышкары, жаңылык менен илимий ачылыштарды колдоого алган маданият, ишкерлердин аракеттерин чектебеген мыйзамдар жана эркин таймаш керек. Андан тышкары интеллектуалдык менчик укуктары дагы толук корголууга тийиш.
"Экономист" изилдөө тобу түзгөн тизмедеги алдыңкы орундарды ээлеген жыйырмага жакын мамлекетте эмгек өндүрүмдүүлүгү дагы жогору. Отчеттун авторлорунун айтымында, маалымат тармагында иштеген адистерге болгон талап келерки жылдарда бүткүл дүйнө боюнча күчөйт жана алдыңкы жетишкендикке ээ болууну каалаган мамлекеттер жөн гана андай адистерди даярдабастан, аларды иш башкаруу ыкмаларына жана түзүлгөн абалды анализдөөгө үйрөтүш керек. Мындай маселелерге азырынча дүйнөнүн аз эле мамлекетинде көңүл бурулат.