Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:59

ДАСТАН САРЫГУЛОВ: БАКИЕВ ЭЛДИН ИШЕНИЧИН АКТАГАН ЖОК


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун көз карашында, 2005-жылы март окуяларында келген бийликтин таза жана калыс иштөө жөнүндө эл-журтка берген убадасы аткарылбай, караламан калктын революциядан күткөн өзгөрүү, жаңылануу, алдыга жылуу боюнча үмүт-тилектери турмушка ашпай калды.

-i>Дастан мырза, азыркы бийлик элге берген убадаларынын канчасын ишке ашырды?

-2005-жылы Март ыңкылабын колдоп көтөрүлгөн эл үрөн, кредит же техника сурап көтөрүлгөн эмес. Бийлик адилет, калыс, акыйкат жүргүзсүн деп көтөрүлгөн. Революцияны колдоп чыккан. “Адилет болбой, эл жарыбайт” деп бабаларыбыздын таамай айткан сөзү элдин көкүрөгүндө дагы эле тирүү экен. Эми Аксы окуясына дагы эле адилет баа берилген жок. Эки жыл өттү. Акаев мыйзамсыз менчиктеген бир дагы мүлк элге кайрылып берилген жок. Эки жыл өттү. Акаевдин доорунда элди талап-тоногон бир дагы жетекчи жоопко тартылган жок. Атүгүл бир тобу кайра эле эл тагдырын чечкен чоң кызматтарга келип отуруп калды. Баягы эле адилетсиз сот, коррупциядан башы чыкпаган бийлик өкүлдөрү жер-жерлерде, борбордо басымдуу көпчүлүгү ордунда калып калды. Кадр саясаты накта эми “карганы кара шумкар деп качырды кара тулпарды” деген деңгээле түштү десек муну баары тастыктап турат.

14-15 август күндөрү жалпы элге кайрылып, жаңы шайланган президент адал, калыс жана таза иштейли деген сөзүнүн 80 пайызы турмушка ашпай калды. Бул сөздү жалпы журт, калың эл уккан. Бүгүн дагы гезиттен көтөрүп көрүп алса, ошого ынанып, кыла турган иштин баары жасалбай, кылбай турган иштер көп жасалып кетти. Мисалы, эки айда Баш мыйзам эки жолу өзгөртүлүп, дүйнө жүзүнө күлкү болуп калдык. Мисалы, Мекен, улутту көтөрүү маселеси тез эле унутта калды. Мына кол өнөрчүлүктү колдойбуз деди эле ал турмушка ашкан жок. Рухту көтөрөбүз деп Манастын толук айтылган вариантын басылмадан чыгарабыз деди эле, ал иш болгон жок. Мына ушунун баары жыйынтыктап эмнени далилдейт. Түп тамыры менен эгерде кырдаалды бааласак, элдин революциядан күткөн өзгөрүү, жаңылануу, алдыга жылуу, дүркүрөп өсүү, коомдо адилет, калыстык, акыйкат орнотуу маселеси турмушка ашпай калды.

- Дастан мырза, сиз Курманбек Салиевич Бакиев шайланып, инаугурацияда ант бергенден кийин мамлекеттик катчы кызматында жооптуу кызматта иштеп турдуңуз эле. Сиз ошондо президент Бакиевдин элге берген убадаларын аткаруу үчүн, коомдогу оош-кыйыштар тууралуу өз көз карашыңызды айтып, кем-карчтарын оңдоого үндөдүңүз беле?

- Чынын айтсак, сиз айткан сөздөрдүн көбү биз сунуштап, ал киши ошол убакта колдоп, элге жарыяланган сөз болуп кетти да. Бара-бара турмуш өткөн сайын ошол сөздөр обочороок көңүлдөн чыгып калгансып, анан эле утурумдук майда, түшүнүксүз чарба, кадр маселелери болуп калгандан кийин апрель, ноябрь митингдери болуп кетпедиби.

Көп эле айтканбыз. Жеке мен деле айткам. А бирок, ал киши өзү колдоп, өзү жигердүү турмушка ашырбаса, мамлекеттик катчынын колунда көп деле мүмкүнчүлүк жок экен да. Эгерде өлкө башчысы өзү ошол маселени улам-улам өзөктүү кылып, күн тартиптин башына коюп турбаса, унутта калат экен. Анан кийин эле саясат бир аз өзгөрүлүп, бөлөк адамдардын сөзү өтүмдүү болуп, улуу иштердин баары четтетилип калган үчүн мен кетип калганга аргасыз болдум да.

- Коомчулукта ар кандай кептер айтылып жатат. Эки жылда Курманбек Бакиев президенттик шайлоого келердин алдындагы берген убадаларын аткарбай калды, элдин үмүтү үзүлдү десе, ал эми расмий бийлик айтып жатат: элдин жашоосу жакшырып жатат, бюджетке киреше кирип жатат деп. Конституциялык реформа жүргүзбөсө күзүндө дагы саясий туруксуздук пайда болот деген да көз караштар да айтылып жатат айрым саясий байкоочулардын көз карашында. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- 500, 800 миң кыргыз Казакстан, Россияда эмгектенип жүрөт. Ошолор ата-энелерине, туугандарына чоң көлөмдөгү акчалай жардам берип жатат. Кээ бирөөлөр 300 миллион десе, айрымдары 500 миллион доллар дейт. Бул нары жагы 15-17 миллиард сом да. Ачык айтыш керек. Экинчи жагы, киреше булагы өстү дегенибиз менен анын 52 пайызы бажы төлөмдөрүнүн эсебинен өсүп жатат. Демек, анда биздин бийликтин бир чымчым эмгеги жок. Бөлөк өлкөлөрдө, бөлөк элдерде өндүрүлгөн буюмдар чек арадан ташылып Кыргызстанга келип, ошол чек арадан өткөн үчүн бажы төлөмдөр менен бюджеттин киреше бөлүгүнүн элүү пайызы толукталып жатат. Бул дагы бөлөк элдин, бөлөк өлкөнүн бийлиги. Биздин бийликтин эмгеги эмес да.

Эми күзүндө дагы өлкөдө өйдө-ылдый болот деген божомол сөзгө тиешелүү менин оюм мындай. Олуттуу маселелер чечилбей келе жатат. Ошол маселелер улам-улам күн тартибине коюла берет. Себеби, коңшу Россия, Казакстан дүркүрөп өнүгүп, өскөнүн элдин баары билип, ошол жакта иштегендер ынанып жатышат. Ошон үчүн “эл байлыгы-адилет, таянычы-калыстык, келечеги-акыйкат”,- деп бабаларыбыз айткан. Коомдо адилет, калыстык, акыйкат орномоюнча туруктуулукту биз дегеле ойлобошубуз керек. Анын үстүнө Кыргызстанды бүгүнкү абалга жеткирген эски Баш мыйзам түп тамыры менен оңдолмоюн, накта эл бийликке келмейин, накта бийлик эл алдында жооптуу болмоюн бизде чын-чынында туруктуулук жөнүндө сөз кылуу эрте.

- Сизге чоң ырахмат .

XS
SM
MD
LG