- Мен сотко берем. Сотко өзүм барбасам да коргоочуларым барат. Мен жөн эле көчөдө жүргөн адам эмесминда. Менин аркамда өзүмдүн тобум турат. Чет өлкөлүктөр бизге жөн эле акча бере бербейт. Алар аябай текшеришет. Эми мен азыр унчукпай койсом Турсунбекти аяп, эртең эле айтып чыгат мына коркуп атат, демек чын экен деп. Азыр тиешелүү кагаздарды, арызды даярдадык. Коргоочуларым Биринчи май райондук сотуна баратышат.
Бир катар бейөкмөт уюмдары “Адилет” укуктук клиникасына карата айтылган мындай сөздөр, жалпы жарандык коомчулуктун беделине шек келтирерин айтышууда. “Эларалык толеранттуулук үчүн” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Рая Кадырова, Т.Акундун сотко берилишин колдой турганын, керек болсо ага факс жана интернет аркылуу чабуул жасалышы мүмкүн экендигин ырастады:
- Чолпон Жакыпова сөзсүз түрдө сокто бере алат, ага акысы бар. Биздин фактыларыбыз да даяр. Биз форумдун мүчөлөрү да жөн эле отура бербейбиз. Т.Акунга карата акцияларды өткөрөбүзбү, ага факстан чабуул жасайбызбы аларды ойлонуп көрөбүз.
Ал эми Т.Акундун өзү айткандарында чындык бар экендигин, тек гана айтайын деген оюн бир аз туура эмес жеткирип алганын, мунун башка бейөкмөт уюмдарына эч кандай тиешеси жок экендигин баса белгиледи. Ал эмнени айткысы келгенин мындайча түшүндүрдү:
- Мен айтайын деген оюмду бир аз туура эмес айтып койгон экенмин. Менин айтайын дегеним мындай болчу. “Адилет” клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакыпова өңдүү бейөкмөт уюмдарынын бийликти сындаганга, тигил же бул саясатчыны кетирүүгө чакырганга, пикирин айтканга акысы бар. Алар чет жактан миңдеген гранттарды алып, үйбүлө багып, машине айдап жүрүшөт. Бирок ошондой адамдар уюштуруучу болуп, оппозиция менен бир катарга тизилип алып президентти кетсин деп аткандан кийин эл арасында алардын гранттары ушул жактарга жумшалып жатат деген ой пайда болушу мүмкүн. Мен ушул ойду айтайын дегем.
Ошентсе да өкмөттүк эмес уюмдардын бир катар лидерлери Турсунбек Акундун жалып форумдун катышуучуларынын беделине шек келтиргенин, анын кечирим сурап-сурабаганынан эч нерсе өзгөрбөсүн, бардык нерселерди мыйзам чегинде сот аркылуу тактап алуу керектигин айтышууда.