Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

МАССАЛЫК ТОПОЛОҢ ФАКТЫСЫ БОЮНЧА АЙЫПКЕРЛЕРДИН СОТУ БАШТАЛДЫ


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту Жолдошбек Абдиев менен Эркинбек Акназаровго байланыштуу сот жараянын баштады. Алар 19-апрелдеги митингде массалык тополон чыгарган деп айыпталууда. Акназаров эч кандай күнөөм жок десе, Абдиев коюлуп жаткан айыптардын айрымдарына катыштыгы бар экендигин мойнуна алууда. Коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн көз карашында тынч митингдин катышуучуларын кылмыш жоопкерчилигине тартуу бийликтин карапайым элдин жүрөгүнүн үшүн алып, коркутуу максатында жасап жатканын айгинелейт.

Соттун судьясы Таалайбек Абдыраев экөөнө коюлуп жаткан айыптарды угузуп, мамлекеттик айыптоочулар Чиратов менен Батырканов 19-апрелде Алатоо аянтындагы митингде Эркинбек Акназаров менен Жолдошбек Абдиевдин колдоруна таш кармап турган сүрөттөрүн көргөзүү менен алардын массалык тартипсиздикке катыштыгы бар экендигин билдиришти. Алардын бул аракети боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 233-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык иш козголгондугун маалымдашты.

Акназаров баш аламандык башталганда, коркконунан өзүн коргоого колуна таш алганын, күнөөсү жок экендигин белгиледи. Жолдошбек Абдиев болсо милиция кызматкерлери атайын каражаттар менен митингди таркатып, иттерди агыта турган болгондо колуна таш алганын, суракта тергөөчү коюлуп жаткан айыптарды мойнуңа алсаң, күнөөң жеңилдетилет, дегенин айтты.

Сотко Абдиевдин күбөсү катары чакыртылган Гүлсайра Сариева эки жигитке коюлуп жаткан айыптар негизсиз экендигин, бийлик камап-коркутуу жолу менен митингге чыкчулардын жүрөгүнүн үшүн алуу аракетин көрүп жатканын билдирди.

-Акыйкаттык жок. Бийлик кедей-кембегалдарды басып, мына бул соттолуп аткандарды көрүп, «тигилер запкы тартып атат, эзилип жатат, түрмөдө отурат экинчи митингке чыкпагыла»,-деген мааниде болуп атат. Булар киши өлтүргөн жок да. Ал эми 24-мартта киши деле өлбөдү беле. Ишкерлердин миллиондогон оокаттары күйгөн. Эмне үчүн ошондо кылмыш иши козголгон жок.

«Интер-билим» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын көз карашында азыркы бийлик мурдагы бийликтин кетирген каталарын кайталоодо.

-Менин оюча бийликтин балдардын убалына калып, аларды коркутуп жатышы жаман нерсе. Мындай нерсе өздөрүнүн баштарына да келет. Алардын балдарына да келет. Аны ойлобой эле бийлик ушундай иштерди жасоодо. Мен бүгүн бул сотко келип ойлоп жатам: Акаевдин 15 жылдык бийлигинде Тургуналиевди, Проненкону, Дырылдаевди, Турсунбек Акунду коргоп сотко келип жүрчү элек, эми азыркы бийлик тушунда жыйырмадагы жаш балдардын укугун коргоп сотто жүрөбүз. Азыркы бийлик мурдагы бийликтин каталарын кайталап жатпайбы. Мени түйшөлткөн нерсе, бийлик демократиянын принциптерин түшүнбөйт, же атайын элди коркутуу максатында ушундай жолго барып жатат,-деди Асия Сасыкбаева.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу мыйзам алдында бардыгы бирдей экендигин, кылган күнөөлөрү үчүн ар бир жаран мыйзамга ылайык жооп берерин белгиледи.

Абдиев менен Акназаровго коюлуп жаткан айыптар үчүн Кылмыш- Жаза кодекси боюнча үч жылдан жети жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Биринчи май райондук соту экөөнүн соттук териштирүүсүн 20-июлда күбөлөрдүн катышуусунда уланта турган болду.

XS
SM
MD
LG