Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

АКШ КОНГРЕССИ ИРАКТАН АСКЕРЛЕРДИ ЧЫГАРУУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасы 12-июлда жаңы мыйзам кабыл алып, Ирактагы америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгарылышын дагы бир жолу талап кылды. Президент Жорж Буш болсо анын алдында Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугуп, андай мыйзамга вето сала турганын билдирген.

Эл өкүлдөр палатасы аталган мыйзамды кароого алаардын алдында АКШ президенти Жорж Буш журналисттер менен жолугуп, Ирактагы абал тууралуу жарыяланган жаңы отчет жөнүндөгү пикирин билдирди. Андай отчет даярдоону Конгресс талап кылган жана документ толук түрдө күзүндө чыгууга тийиш, азыр болсо анын алдын ала жазылган түрү жарыяланды.

Конгресстин талабы боюнча, Ирактагы абал ар башка көрсөткүчтөр боюнча бааланууга тийиш болчу жана президенттин айтымында, алардын айрымдары боюнча азыр алдыга жылыш байкалууда: "Конгресс талап кылган 18 көрсөткүчтүн сегизи боюнча биз канаатандырарлык прогресс бар деп айта алабыз. Мисал үчүн, Багдад шаарынын аймагындагы коопсуздукту камсыз кылуу максатында Ирак өкмөтү үч бригада даярдап, алар ишке киришти. Андан тышкары өкмөт өз каражаттарынан быйыл жети миллиард 300 миллион доллар бөлүп, өкмөттүк күчтөрдү даярдоо иштерине жумшап жатат. Сегиз башка тармак боюнча дагы иштеш керек, мисал үчүн, жергиликтүү шайлоо өткөрүү же мунайдан түшкөн кирешени кантип бөлүү маселеси боюнча. Калган эки көрсөткүч боюнча так жыйынтык чыгаруу азырынча эрте", - деди Буш 12-июлда.

Ошол эле жолугушууда президент - америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кетүү багытында көрүлүп жаткан аракеттерди сынга алып, андай талап койгон саясатчылар АКШны Иракта утулушка түртүп жатат деп билдирди. Анын айтымында, Иракта сөзсүз жеңишке жетиш керек жана саясий жыйынтык чыгыш үчүн коопсуздук камсыз кылынууга тийиш.

Анткен менен ошол эле 12-июлда Эл өкүлдөр палатасы атайын мыйзам кабыл алды жана ал - америкалык аскерлердин келерки 2008-жылдын 1-апрелине чейин Ирактан чыгарылып кетишин талап кылат. Аскерлерди чыгаруу иштери болсо төрт айдын ичинде башталыш керек.

Мыйзам колго салынаар алдында бир нече сенатор Вашингтондо журналисттер менен жолугуп, Буштун Ирактагы саясатын катуу сынга алды. Сенатор Дик Дурбиндин айтымында, президент азыр элден бөлүнүп кетти: "Президент Буш асманда учуп жүрөт. Ал Иракта эмне болуп жатканынан бейкабар калгандай, америкалык элден дагы бөлүнүп кетти. Жарыяланган бул жаңы отчет деле үмүт жаратпайт. Иракта мына эми аскерий жеңишке жетебиз жана стабилдүүлүк мына орнойт деп бизге уламдан-улам кайталашат. Жана бул отчетто айтылгандай, бүгүн Иракта саясий прогресс жок, өлүмдөр менен мыйзам бузуулар болсо көбөйүп баратат", - деп билдирди сенатор.

Андан көп өтпөй Эл өкүлдөр жыйыны аталган мыйзамды кабыл алды жана ага демократтар гана эмес, президент Буштун Республикалык партиясына кирген төрт конгрессмен дагы добуш берди.

Буга чейин Конгресс Ирактагы аскерлерди чыгарып кетүүгө эки аракет жасаган, биринчи жолу Ирак согушуна жаңы каражат бөлүү мыйзамына кошумча киргизилгенде, аны Сенат колдобой койгон, экинчи жолу окшош мыйзам өткөн, бирок ага президент вето салган. Азыркы мыйзамды дагы Буш ишке киргизбей, аны вето менен токтотоору күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG