Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:01

КОМУЗ КҮҮЛӨРҮНҮН ЖАРЧЫСЫ


Ар бир күүнүн сыры бар да, ыры бар, Сүйүү да бар, терең ичте муңу бар. Күүлөр улуу, күүлөр муңдуу деп чертип, Айтып келди кылым санап улуулар,- деп ырдалгандай ыр бир күүнүн сырын, ырын, муңун беш манжасындай билген улуу шайырлардын жолун жолдоп, өлбөс-өчпөс өнөрүн улап, “кыска элдин кыйрына, узун элдин учуна жеткирип келе жаткан таанымал комузчунун бири – Анара Эсенгулова.

Ал кыргыз айымдарынан чыккан чыгаан шайырлар Мейликан Козубекова, Самарбүбү Токтахуновадан кийинки аткаруучулук чеберчилиги, черткен күүлөрүнүн көп түстүүлүгү менен кыргыз эле эмес, чет өлкөлүк угуучуларга аттын кашкасындай таанылган комузчудан. Анын черткен күүлөрүнөн Монголиянын, Япониянын, Германиянын, Түркиянын, Франциянын, Италиянын, Кореянын ж.б. ондогон четөлкөлүктөрдүн угармандары да ырахат алышып, чеберчилигине да таазим этүүдө. Анара комуз дүйнөсүндө 1981-жылдан бери атсалышып келет. Ал комуз музыкасындагы татаал кайрыктардагы, ар бир аткаруучудан өткөрө чеберчиликти, өзгөчө чыгармачылык изденүүнү талап кылган Карамолдонун, Ыбырайдын, Токтогул, Ниязаалы, Атайдын айтыш күүлөрүнүн ажарларын ача чертет.

Салааларынан күүлөрдүн сандаган кайрыктары төгүлгөн Анара Эсенгулова Кыргыз Улуттук Сатылганов атындагы филармониянын К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын симфониялык оркестринде, Бишкек шаардык драма театрынын “Саамал” фольклордук тобунда жемиштүү эмгектенип, жумурай журтка, бейтааныш угуучуларга таанылды. Бүгүнкүдөй атак-даңкка жетти. Чыгармачылыктын азыркыдай байсалдуу жолун басып өтүүдө Анара оболу комуз дүйнөсүнө кандайча келип калганын, көрүнүктүү комузчу Мейликан Козубекованын черткен күүлөрү ага кандай таасир эткенин шатана айтып, музыкалык мектептин таланттуу окуучуларынын арасында өткөн Республикалык сынакта алгачкы жолу жеңишке жетишкенин, кимдин баасына татыганын Анара айым мындайча айтып берди:

- Менин комузчу болушума Мейликан Козубекова эженин черткен күүлөрү таасир этти деп эсептейм. Айрыкча Атай атабыздын “Марш Камбарканын” кандай адам черте алат деп аябай суктануучумун, талаптануучумун. Жалпыга билим берүүчү мектепте 3-класста, ал эми музыкалык мектепте 1-класста окучумун. 6-класста окуп жүргөндө жазгы каникулда, ордо калаадагы П.Шубин атындагы музыкалык мектептин концерттик залында музыкалык мектептердин таланттуу аткаруучуларынын арасында республикалык сынак болуп калды. Ошондо калыстар тобунда отурган залкар дирижер, улуу композитор Калый Молдобасанов сахнага чыгып, комузду кармап: - Куттуктайм чоң комузчу. Сен чоң комузчу турбайсыңбы, - деп айтканда залда отургандар аябай таңкалышкан эле. Азыр эстесем ошондо Токтогул атамдын “Чайкамасын” чертиптирмин.

- Анара айым, музыкалык мектепте комуз классында окуп жүргөндө устатың комузчу Максүт Жунушакунов болуптур. Ал эми М.Күрөңкөев атындагы окуу жайында окуп, К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеп жүргөндө устатың кимдер болду?

- Музыкалык мектепти бүткөндөн кийин окуумду М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынан уланттым. 1981-жылы 3-курста окуп жүргөнүмдө эле Кыргыз филармониясыннын К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеп калдым. Белгилүү комузчу Чалагыз Исабеков менин шыгымды байкап комузчулар ансамблине кошту. Агай Самарбүбү эжеге кайрылып: - Анаричка таланттуу кыз экен. Келечекте мындан бир неме чыгат. Кааласаң да, каалабасаң да сага окшош экен. Сен шакирт кылып ал. Күүлөрдү үйрөт, - деп устаттык, наасатчылык кебин айтты. Ал кезде Самарбүбү эженин таланты жанып, зоболосу көтөрүлүп турган учуру экен. Самарбүбү эже болсо: - кел, менден күүлөрдү үйрөн. Мен кандай чертсем ошондой аткар. Адегенде мени туурап черт. Андан кийин өзүңдүн жолуңду табарсың, - деди. Кийин угуучулар Анара Самарбүбүнү туурап чертет деп айта башташты. “Сыныктан башкасынын барысы жугуштуу” дегендей устатымды туураса туурап чертип жүрөм.

- Мына эми эле айтыш күүлөрдүн алпы Ниязааланын “Кер тогоосун” колуңду түрдүү түркүн көрүнүштө ойнотуп черттиң. Ырахмат. Эми өзүң туу тутуп жүргөн кара (залкар) күүлөрдүн баштоочуларынын күүлөрүнөн билсең ошондон чертип берсең?

- Көл атасы, күү атасы аталган Карамолдо атабыздын не бир кереметтүү кайрыктарындагы күүлөрү мени өзгөчө таң калтырат. Азыр ойлосом ар бир адамдын жан дүйнөсүнө ырахат тартуулап, өмүрүнө өмүр кошкон укмуш күүлөр экен. Өмүрүнүн акырында атабыз “Дүнүйө” деген терең философиялык маңыздагы күүсүн чыгарыптыр. Атабыздын бул күүсүн күндүзү да, түнү да чертсем автордун деңгээлинде аткарсам деген тилек, үмүт менен жашап келатам.

- Анара айым улуу шайырлардын күүлөрүн чертүү менен бирге өзүң да күү чыгарат экенсиң. “Көл баяны” аттуу күүңдү чыгарышыңа эмне себепчи болду. Анда кайсы көлдүн келбетин сүрөттөп черттиң эле?

- Өзүңүз жакшы билсеңиз күү чыгаруу деген чыгармачылыктын өтө оор жүгү. Кайрыктар болсо көптөгөн жылдар бою жүрөктө жүрөт экен. Атай атабыздын “Марш Камбарканын” жаш таланттардын сынагында чертип лауреат болдум. Ошол сынакка катышаардын алданда Атай атам түшүмө кирди. Түшүмдө өзүм өсүп өнгөн үйүмдө кесме кесип, камыр жууруп отурган экемин. Эшиктен кичинекей кара тебетей кийген, кара чапанчан узун бойлуу киши кирип келип эле: - Мен Атай Огомбаевмын – деди. Таң калдым. Эртеси түшүмдү атама айтсам дароо эле куран окутуп, залкар кишинин түшүңө кириши жакшы жышана дешип жорушту. Мен Балыкчыда төрөлгөндүктөн киндик кан тамган, өскөн жериме жана улуу залкарлардын арбактарына таазим этип, көлүмдүн касиетине башымды ийип, “Көл баяны” аттуу күүмдү чыгардым. Күүдө бала чагымдан өскөн Балыкчынын шамалын, көлүмдүн жыбыраган толкундарын, шарпылдаганын кайрыктар менен сүрөттөп берүүгө аракеттендим.

- Анда Анара өнөрүң өркүндөй берсин!
XS
SM
MD
LG