Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:13

“АЛЬ-КАИДА” АКШда ОПЕРАЦИЯ ӨТКӨРГӨНҮ ЖАТАТ


АКШнын атайын кызматтары өлкөнүн аймагында “Аль-Каида” бир катар террордук операцияларды пландап жатканы тууралуу маалымат алышты. Буга байланыштуу Ак үйдө чукул жыйын чакырылып, террорчуларды ооздуктоо чаралары талкууланды. Жыйынга өлкөнүн бардык коопсуздук кызмат өкүлдөрү катышканын Эй-Би-Си телеканалына администрациянын жогорку даражалуу чиновниктери айтып беришти.

Ак үйдөгү чиновниктердин бири, айтымда Эй-Би-Сиге ”Аль-Каиданын” жоокесептери АКШга бир болсо келип калышканын же жакын аралыкта келишерин кабарлаган. Оперативдүү маалыматтарга таянып, ал алкаидачылар алдыдагы апталарда бир катар кыянат иштерди жасап, муну менен америкалык “коомчулукта катуу тополоң чыгарууну” көздөп жатканын, террорчулар негизинен өкмөттүк имараттарды бутага алышарын билдирген.

Алкаидачылардын быйыл жайда АКШда пландап жаткан иштерин Британиянын коопсуздук органдары террорчулардын өткөн айда оңунан чыкпай калган аракеттерин иликтеп жатып билип калышкан. Атап айтканда, террорчулардын электрондук почтадагы каттарын чечмелеп көрүп, аларды АКШнын атайын кызматтарына маалымдашкан.

Ак үйдөгү бу жыйынды кабарлап, “Вашингтон пост” гезити алты жылдан берки антитеррордук согуштан “Аль-Каида” өзгөчө деле алсызданып кеткен жок деп ырасташкан адистердин пикирлерин келтирет. ЦРУнун орунбасар директору Жон Кринген, мисалы, конгресстин өкүлдөр палатасындагы комитеттердин бириндеги талкууда “Аль-Каида” финансылык жактан күчтөнүп, жаңы ресурстарга ээ болуп, Пакистанда өкмөттүн амири өтпөгөн аймактарда өңүп жатканын көрсөткөн. Ошол эле жыйында аскери чалгындоо тармагында иштеген эксперттер тобунун жетекчиси Роберт Кардилло былтыр Пакистан президенти Мушарраф өлкөнүн түндүк-батышындагы уруу башчылары менен келишим түзүп, бул аймактан өкмөттүк аскерлерин алып кеткен соң алкаидачылар менен талиптер, алардын ар кошкон лашкерлери үчүн активдешкенге өтө оңтойлуу шарт түзүлгөнүн белгилеген. Ушундай эле маанидеги сөздөрдү ЦРУнун, ФБРдын, ички жана улуттук коопсуздук мекемелеринин жетекчилери да айтып жүрүшкөнүн белгилеп, “Вашингтон пост” АКШдан миллиардаган доллар жардам алып жатса да президент Мушарраф алиге чейин террорчулардын уюгун талкалап, алардын башчыларын жок кыла албаганына конгрессмендердин ачууланганын эске салат.

Исламабадда Кызыл мечиттеги козголоңду күчкө салып баскан Пакистан бийликтерине “Аль-Каида” жихад жарыялады. Бул тууралуу бин Ладендин биринчи орунбасары Айман аз-Завахири атайын билдирүү таратып, пакистандык мусулмандарды жихадга кошулууга чакырды. Алкаидачылар Иракта да жакынкы күндөрдө ири операцияларды өткөргөнү жатышат. Ак үйдүн өкүлү Тони Сноу Ирактын биринчи душманы “Аль-Каида” экенин айтып, ал бу өлкөдөгү бүткүл бүлүк-бүлгүндүн, бейжазык адамдардын өмүрүн кыйган кыянатчылыктын башкы очогу бойдон калганын, жанкечтилердин 80-90 пайызы “Аль-Каиданын чет элдик террорчулары экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG