Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:44

ТООЛУУ КАРАБАХ ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛАЙТ


Таанылбаган Тоолуу Карабах республикасында 19-июлда президенттик шайлоо болот. Бул кызматка беш киши талапкер болуп катталды. Бирок алардын кимиси президент болсо да эл аралык коомчулук бул шайлоону тааныбайт. Азербайжан бийликтери болсо «карабах демократиясын» эгерим кабыл албай турганын айтышууда.

Армениянын ушу кездеги мамлекет башчысы Роберт Кочарян Тоолуу Карабахтын биринчи президенти болгон. Мындан он жыл мурда ал Армениянын өкмөт башчылыгына дайындалганда анын ордуна Аркадий Гукасян шайланган. Быйыл анын президенттик эки мөөнөтү бүтөт. Бу кызматка беш талапкер катталды. Алардын ичинен улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Бако Сахакяндын мүмкүнчүлүгү жогору бааланууда. Сахакянга бийликтеги президенттин демократиялык партиясы, парламенттеги оппозициялык эки фракция, андан соң Армениянын азыркы лидерлери саясий сүрөөнчү болуп жатышат. Ереванда атүгүл Сахакяндын талапкерлигин Москва да эп көрөт деп айтышууда.

Сахакянга тышкы иштер министринин орунбасары Масис Маилян атаандаш болгонго жарайт дешет. Бирок анын айбарлуу сүрөөнчүлөрү жок,ошондуктан ал карабах бийликтерин Сахакяндын талапкерлигин бир жактуу колдоп, шайлоонун адилет жана калыс өтөрүнөн күн мурунтан эле элди күдүктөнүп койду деп айыптады.Коомдук пикирдин жакында өткөрүлгөн иликтөөсүндө да шайлоочулардын 20 процентке жакыны добуштардын санагы акыйкат болоруна ишенбей турганын айтышкан.

Деген менен Карабахта ким президент болсо да эл аралык коомчулуктун колдоосун алалбайт. Айдын башында Кавказда сапарда болгон кезде Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын төрагасы Рене ван дер Линден республикадагы президенттик шайлоону эл аралык коомчулук мурдагыдай эле тааныбай тургандыгын эскертти. Эң башкысы - соңку эки жыл ичинде Карабах жаңжалын чечүүдө реалдуу эч кандай кадам жасалбаганына төрага катуу иренжигенин жашырган жок. “Армян жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң бу жагынан ого бетер үмүтүм үзүлгөндөй болду”,- деп билдирди ПАСЕнин төрагасы.

Карабахтын президенти Аркадий Гукасян алдыдагы шайлоону башкача өңүттөн карайт. Эл аралык коомчулук ырасмий түрдө тааныбаган күндө да шайлоо кандай усулда жана деңгээлде өткөнүнө көңүл бурбай кое албайт, дейт ал. Гукасян добуш берүү анык адилет, чынчыл жана ачык мүнөздө өтөрүн, атаандаштар ичинен чыныгы татыктуусу гана жеңип чыгарын бөркүндөй көрөт жана буга башкаларды да ишендиргиси келет. Республиканын тышкы иштер министрлиги да жаңжалды чечүүнүн өтө маанилүү жолу деп демократиялык принциптерди жайылтууну атады.

Ырасмий Бакуда болсо “карабах демократиясына” Степанакерт менен Еревандан башка эч кимдин мурду бүтүп отурбагандыгын айтышты.

XS
SM
MD
LG