Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

БЕЛАРУС ПОЛЬШАНЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНА ТЫҢЧЫЛЫК КЫЛГАН ТӨРТ АДАМДЫ КАМАККА АЛДЫ


Беларустун жашыруун кызматтары Польшанын кызыкчылыгына тыңчылык кылгандардын тобун камакка алгандыгын билдирүүдө. Беларустун төрт, Орусиянын бир жараны эки өлкөнүн абадан коргонуу системалары тууралуу жашыруун маалыматты саткан деп айыпталууда.

Минскинин ырастоосунда, аталган тыңчылар Беларустун абадан коргонуу системасы тууралуу маалымат чогултуп жүрүшкөн, бирок кайсы системалар жөнүндө сөз жүрүп жатканы кабарланган жок. 15-июлда Минскиде Беларустун Мамлекеттик коопсуздук агенттигинин жетекчисинин орун бaсары Виктар Вягера буларды билдирди:

Тыңчылык кылмышы толугу менен далилдеди. Контрчалгын кызматтарынын өз убагындагы аракети Беларус жумурияты менен Орусиянын коргонуу дараметине шек келтирүү аракетин жокко чыгарды.

Вягеранын сөзү боюнча, Беларустун жана Орусиянын коргонуу системаларына тыңчылардан зыян болгон жок.

Шектүү тынчылардын бири Владимир Рускин мурда Беларустун армиясында офицер болгон. Ал Полшанын чалгын агенттиктери тарабында кызмат өтөгөнүн мойнуна алды. Ал эми Орусиянын жаңылык агенттиктерине ылайык, шектүү орус тыңчысы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына багынып берди.

Чыккынчылык жана тыңчылык боюнча кылмыш иши козголду. Беларуста чыккынчылык үчүн 15 жыл түрмө мөөнөтү каралган. Полшанын тыңчылык жаңжалга реакциясы билине элек, бирок өлкө Беларус президенти Александр Лукашенконун авторитардык бийлигин такай сынга алып келет. Польшанын өкмөтү ошондой эле Беларуста ФМ толкунунда уктурулган беларус тилиндеги радиону каржылайт.

XS
SM
MD
LG