Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

ДҮЙНӨДӨ ТААНЫМАЛ БАСМА ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН БИРИ МАСКӨӨ АЛДЫНДА БЫЧАК ЖЕП ӨЛДҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москванын алдында «Бертельсманн» басмалык концерндин орусиялык бөлүмүнүн директорунун орун басары Марина Писареваны кимдир бирөөлөр бычактап кетти. Писареванын моюну ченден бычакталып өлгөн сөөгү анын Одинцов райондук дачасынан табылган. Баш кенсеси Германияда жайгашкан «Бертельсманн» басмаканасы дүйнөдөгү эң ири жана абдан эски концерндердин бири болуп эсептелет. Анын Орусиядагы эң көп активи – РЕН ТВ сыналгы компаниясында. Жергиликтүү прокуратура Писареванын өлүмү анын кесибине байланыштуу болушу толук ыктымал деген.

Маскөө обулусуна караштуу Одинцово районунда жайгашкан жайкысын чыгып жүрчү Семенково кыштагындагы үйүндө жекшембиде Марина Писареванын сөөгү табылган. Писарева айым жер жүзүндө 63 өлкөдө китеп чыгарууга байланышкан ишкердик менен алакет болгон атактуу «Бертельсманн» басма үйүнүн Орусиядагы бөлүгүнүн генералдык деректиринин орун басары болгон.

1824-жылы негизделген «Бертельсманн» азыркы тушта дүйнөдө баш-аягы жүздөн ашуун басылмалар бирикмесин кармап турат. Көркөм адабият, илимий, окуу китептерин ошондой эле энциклопедия жана башка китептерди чыгарары белгилүү. Кийинки учурда компак-диск жана видеодискеттерди чыгарчу болгон. Токсонунчу жылдары орусиялык REN TV компаниясынын 30 пайыздык акциясын сатып алган, бирок азыр анын калган пайызына мамлекет ээлик кылгандыктан Кремлдин аны өз чөйрөсүнөн сүрүп чыгаруу аракети күч деп айтышат анализчилер.
Эмнеси болсо да 15-июлда Семенково кыштагынын кыйырында болгон Марина Писарева айымды өлтүрүү туурасында Маскөө обулусуттук прокуратурасынын маалымат кызматынын жетекчиси Елена Рассохина журналисттерге билдирүү жасап, «атайылап киши өлтүрүү» беренеси астында кылмыш иши козголгонун айтты. Писареванын сөөгү үйүнүн ичинен табылган. Иликтөө тобу маалымдаганга караганда маркум ал үйдүн ээси өнөр көрүп чогултуп жүрчү канжардын бири менен бычакталган. Үйдөн эч нерсе жоголгон эмес.

Маркумдун эмне болуп өлүмгө дуушар болгондугу туурасында ар кыл пикир бар. Алардын бири Писареванын кесибине байланыштуу.

«Ар кыл божомолодор болууда, анын катарында, Писареванын кызматтык ишкердиги менен байланышкан киши өлтүрүү», - дейт прокуратуранын өкүлү Елена Рассохина.

Одинцово районундагы Маринаны бычактап кетүү орусиялык көптөгөн калаалардагы ар күн сайын болуп туручу көндүм иштин бир мисалы десек жаңылыштык болбос эле.

XS
SM
MD
LG