Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

БРИТАНИЯ РОССИЯЛЫК ТӨРТ ДИПЛОМАТТЫ ӨЛКӨ ЧЕГИНЕН ЧЫГАРАТ


Британия өкмөтү Россия Андрей Луговойду бербегенден улам өлкөдөн россиялык төрт дипломат чыгарылаарын кечээ 16-июлда билдирди. Лондон Россиянын федералдык чалгындоо кызматы- ФСБнын мурдакы кызматкери Луговойду Александр Литвиненконун өлүмү үчүн күнөөлүү деп эсептейт. ФСБнын мурдакы кызматкери Литвиненко өткөн ноябрда Лондондо полонийге ууланып көз жумган. Литвиненко уулунган күнү Луговой менен кездешкен. Россия Лондондун кадамын “провокация” деп, тийиштүү жооп бериле турганын эскертти.

Тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд Британ парламентинин төмөнкү палатасында сүйлөп, Москва ишкер Андрей Луговойду бербегенге байланыштуу Лондон атайын чара көрүүгө мажбур болгонун маалымдады:

-Маселе олуттуу болгондон улам жана Россия проблеманы чогуу жөндөөдөн баш тарткандыктан, биз тийиштүү кадамды жасоону оң таптык. Биздин максатыбыз жөнөкөй жана айкын: биринчиден, сот жараянынан жардамдашуу, экинчиден, Россия өкмөтүнө анын биз менен кызматташуудан баш тартуусунун кесепетин көрсөтүү, үчүнчүдөн, британ букараларынын жана биздин өлкөнүн конокторунун коопсуздугун камсыздоодогу чечкиндүүлүгүбүздү ырастоо.

Милибэнд эгерде Луговой кайсы бир өлкөгө чыкса, Лондон аны берүүнү талап кылат деп кошумчалады. Анткени, кеп Британ жеринде Британ букарасына каршы жасалган кылмыш жөнүндө болууда. Бизде Луговойдун күнөөсүн ырастаган далилдер жетиштүү, деди министр.

Президент Путиндин жана анын чөйрөсүнүн сындоочусу, ФСБнын мурдакы агенти Литвиненко полонийге ууланып өлөрдөн бир аз мурда Британиядан саясый башпаанек алган.

Милибэнддин билдиришинче, Лондон төрт дипломатты өлкөдөн чыгаргандан башка да россиялыктарга виза берүүнү жеңилдетүү жөнүндөгү сүйлөшүүнү токтотот жана виза берүү тартиби өзгөртөт.

Өлкөдөн чыгарылчу төрт дипломаттын ысмы, даражасы али жарыялага элек. Россия Луговойду өткөрүп берүү өлкө конституциясына каршы келет деп, аны Лондонго берүүдөн баш тартты. Тышкы иштер министрлигинин башөкүлү Михаил Камынин дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Россия Британияга тийиштүү жообун бере турганын эскертти:

-Лондондун бул позициясы аморалдуу. Андан тышкары, британ бийликтеринин бул провокациясы жоопсуз калбасын жана анын кесепети россиялык- британиялык мамилелер үчүн өтө олуттуу зыян келтирерин Лондондо жакшы түшүнүштөрү керек. Бул жөнүндө Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бир нече саат мурда британиялык коллегасы менен телефондон сүйлөшкөндө түз айтты.

Камынин ошондой эле Британияны Литвиненконун ишин саясаттыштырууга аракеттенүүдө деп күнөөлөдү. Ал Лондондун олигарх Борис Березовскийди жана Чечен жикчилеринин өкүлү Ахмед Закаевди Россияга өткөрүп берүүдөн баш тартканын да эске салды.

XS
SM
MD
LG