Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:38

АКШ ЖАНА ПОЛЬША АНТИРАКЕТАЛЫК СИСТЕМА ЗАРЫЛ ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


Вашингтондо АКШ жана Польша президенттеринин сүйлөшүүлөрү өттү. Жорж Буш менен Лех Качиньскийдин Ак үйдө кечээ болгон жолугушуусунда Ирактагы согуш, Кошмо Штаттардын ракетадан коргонуу боюнча системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда орнотуу пландары талкууланды. Ал эми АКШнын мындай пландарына катуу каршылыгын билдирип келе жаткан Орусия Европадагы Кадимки куралдуу күчтөр боюнча келишимге катышуусун мындан үч күн мурда токтоткон эле.

Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрдөн соң кабарчылар үчүн жасаган билдирүүсүндө АКШ жана Польша президенттери Европада ракетадан коргонуу боюнча системаны жайгаштыруу зарыл экенин баса белгилешти. Маселен, президент Жорж Буш эки өлкөнүн бул чөйрөдөгү кызматташтыгын тынчтык үчүн багытталган кадам катары мүнөздөдү:

- Биз коопсуздук боюнча эки тараптуу иштерибизди кантип чыңдай аларыбыз жөнүндө сүйлөштүк. Биздин тынчтык жана коопсуздук үчүн иштөөгө болгон каалообуздун ракетадан коргонуу боюнча системанын үстүндө иштөөдөн башка мыкты багыты жок.

Жорж Буш менен Лех Качиньскийдин Ак үйдөгү жолугушуусунан эки күн мурда Орусия Европадагы Кадимки куралдуу күчтөр боюнча келишимге катышуусун убактылуу токтоткон эле. Президент Владимир Путин муну атайын жардык аркылуу бекемдеди. Кансыз согуш доорунун соңунан түзүлгөн ал келишим Урал тоолорунан Антлантика океанына чейинки мейкиндикте жайгаштыруулучу куралдуу күчтөр менен курал жарактын санын чектейт. Расмий Москва өз кадамын өлкөнүн "коопсуздугуна шек келтирген чукул жагдайларга" байланыштуу деп түшүндүрдү.

Анткен менен Орусиянын бул кадамы Кошмо Штаттар ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда жайгаштыруу мүдөөсүнөн баш тартпаганы үчүн берилген жооп катары каралууда. Кошмо Штаттар мындай система Иран жана Түндүк Корея өңдүү өлкөлөрдүн ыктымал чабуулунан коргоонуу үчүн зарыл деп түшүндүрүп келет. Ушундай эле ойду Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрдөн кийин поляк президенти Лех Качиньский да айтты. Качиньский Орусияы кескин сындап жүргөн саясатчы катары да белгилүү:

-Биздин сүйлөшүүлөрүбүздүн басымдуу бөлүгү ракетадан коргонуу маселесине арналды. Биз эки президент тең муну коргонуу системасы деп эсептейбиз. Ал жоопкерчиликсиз деп саналган, өзөктүк куралы бар же ага келечекте ээ болушу мүмкүн режимдерге гана каршы багытталат.

Ал эми Ирандан АКШ менен Европага эч кандай коркунуч жок деген Орусия муну өзүнө каршы багытталган чара катары кабыл алууда.

Ушул айдын башында АКШнын океан жээгиндеги Кенненбанкпорт шаарында, Жорж Буштун менчик үйүндө АКШ жана Орусия президенттеринин жолугушуусу өткөн эле. Анда ракетадан коргонуу системасы боюнча Орусиянын альтернативалуу сунуштары талкууланган болчу. Маселен, Орусия АКШга Азербайжанда ал ижарага алып келе жаткан радар станциясын биргелешип пайдаланууну, зарыл болсо аны кайра жабдууну сунуш кылууда. Ак үй ал сунуштарды "кызыктуу" деп атап, бирок Чыгыш Европа боюнча пландары өзгөрбөсүн да ачыктаган.

Польша президентинин АКШдагы сапары үч күнгө эсептелген. Поляк расмий өкүлдөрүнүн айтымында, тараптар ортосунда ракетадан коргонуу системасы боюнча расмий макулдашуу быйыл сентябрга чейин күтүлбөйт. Ал эми Буш менен Качиньскийдин кечээки жолугушусунда Ооганстан менен Ирактагы согуш да талкууланды. Польшанын Иракта 900 жоокери бар жана учурда аларды мурда пландалгандай, ушул жылдын аягына чейин чыгаруу же чыгарбоо маселеси каралууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG