Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:45

ТУРСУНБЕК АКУН: ЧОЛПОН ЖАКУПОВАДАН ЫРАСМИЙ ТҮРДӨ КЕЧИРИМ СУРАЙМ


Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповадан ырасмий түрдө кечирим сурады. Турсунбек Акун мындан мурда, чет жактардан каржыланган “Адилет” сыяктуу айрым бейөкмөт уюмдары саясатка ашкере кийлигишип, мамлекет башчысын "кетсин" дегенге чейин барып жатышканын сынга алган эле. Буга байланыштуу “Адилет” укуктук клиникасы Т.Акунду сотко берген. Бир катар укук коргоочулар анын кечирим суроосун бир чети ийкемдүүлүк, бир чети коркуу катары баалашты.

Өткөн аптада бейөкмөт уюмдарынын жалпы улуттук жыйынында Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Турсунбек Акун, “Адилет” укуктук клиникасы сыяктуу чет өлкөдөн каржыланган айрым уюмдар алган акчасын бийликти кетирүү максатында жумшап жатышканын айткан. Бирок ал бүгүнкү маалымат жыйында оюн бир аз туура эмес айтып алганын, ошондуктан Чолпон Жакуповадан эл алдында кечирим сурай турганын, бейөкмөт уюмдары менен таптакыр соттошкусу келбегенин жарыялады. Бул тууралуу ал мындай дейт:

- Эл аралык донорлордон, уюмдардан акча алып, анан саясий ишке пайдаланып атат деген фраза кетип калыптыр. Бирок мен бул ойду эмес, башкача бир ойду айтайын деген элем. Бейөкмөт уюмдар башка эл аралык уюмдардан акча алып аны өз долбооруна ылайык колдонушат. Бирок мен ошол жерден колдонушат деп кесе айтып койгон экенмин. Эгер ошол бирөөлөрдүн намысына катуу тийсе, айрыкча Чолпон Жакупованын намысына катуу тийип калган болсо ырасмий түрдө андан кечирим сурайм. Айтып койгонум үчүн эле эмес, ал кишинин аял болгону үчүн, биздин кызыбыз болгону үчүн кечирим сурайм.

Бир катар бейөкмөт уюмдары Т.Акундун, Ч.Жакупова тууралуу айткандарын сынга алышканы менен чынында чоң-чоң митинг-акциялардын бюджети ачык-айкын болушун каалашат. Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова мындай дейт:

- Балким азыр Турсунбек Акундун айткандарынын бардыгына кошулбашыбыз мүмкүн. Азыр деле бу киши катачылык кетирип аткан болушу мүмкүн. Бирок бир гана нерсени баса белгилеп кетким келет. Ошол саясий пикет-митингдер, айрыкча эбегейсиз көп адамдар катышкан митингдердин бюджети ачык-айкын болсо дейбиз.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, Т.Акун катачылыгы үчүн эл алдында кечирим сурап өтө ийкемдүүлүк кылды жана башка мамлекеттик чиновниктер да мындан үлгү алса болот:

- Биринчиден Т.Акун мырза мамлекеттик эмес уюмдардын жетекчилерине шек келтирип койдум деп, өзүнүн ийкемдүүлүгүн, адам укуктары жаатында иштөөдө акыйкат маанилүү экендигин көрсөтүп жатканы үчүн ырахмат айтыш керек.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекечиси Чолпон Жакупова, азырынча Т.Акундун кечирим суроосун кабыл ала элек. Өткөн апта соңунда ал Т.Акунду жалган жалаа жапты деген айып менен сотко берген эле.

- Эми мен азыр Т.Акунду аяп унчукпай койсом, эртең эле мына чын экен, коркуп сотко барбай койду деп айтышат,- деп билдирген Ч.Жакупова.

XS
SM
MD
LG