Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Д.САРЫГУЛОВ: «КУМТӨР» ҮЧҮН ТАНАЕВДЕРДИ ЖООПКО ТАРТЫШ КЕРЕК


Бүгүнкү күндүн башкы темаларынын бири Кумтөр алтын кени боюнча Кыргыз өкмөтү менен “Комеконун” сүйлөшүүлөрү бүгүн да улантылат. Сүйлөшүүлөр кечээ башталган. Кыргыз алтындын мурдагы жетекчилеринин бири, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов менен Бишкектен Эсенбай Нурушев маектешти.

- Дастан мырза, мына өзүңүз угуп атасыз, билип атасыз, бүгүнкү күндө “Кумтөргө” байланышкан маселе Кыргызстанда биринчи тема болуп, күндүн башкы темасына, алдыңкы планга чыгып атат. Ушул иштин башында өзүңүз турдуңуз эле. Кийинки жылдары ушул тармактан оолактап кеттиңиз, сиздей кыргызда ушул ишти жакшы билген эксперттер, адистер саналуу болсо керек. Ошон үчүн сизге кайрылып атабыз. Биринчи суроо, кечээ башталып бүгүн улануучу Кыргыз өкмөтү менен “Комеконун” өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр. Сизде ушулар тууралуу кандайдыр бир кошумча маалыматтар жокпу, эмне маселени талкуулап атышат, кандай өңүттө карап атышат, качан бүтөт деген сыяктуу?

- Менде андай маалымат жок. Себеби бул ишке аралашкан, тартылган жокмун. Ошон үчүн таптакыр кабарсызмын. Негизинен бир эле пикир айта алам, маселени туура коюп атышат. Себеби өз убагында “Кумтөргө” алынган сырттан карызды үстөгү менен кайрып бергенден кийин “Кумтөр” кыргыз элинин менчигине өттү. Демек кыргыз элинин ээлигинде болуп калды. Аны кайра сатып, “Центеррага” кошулуунун эмне кажети бар эле деген суроо жүйөлүү суроо. “Кумтөрдү” “Центеррага” кошуу өзгөчө алтын баасы өсө баштаганда, бүгүн алтындын баасы 650 доллардан ашып кетти. Ошон үчүн бул бир-эки эле адамдын кызыкчылыгына жооп берген иш деп мен божомол кылам. Карыз кайрылып берилгенден кийин “Кумтөрдү” Кыргызстан башкарып, “Камеко” пайдадан 30 пайзын гана алып турушу керек эле.

- Ушуга байланыштуу дагы бир суроо. Өзүңүз жакшы билесиз бул иштин акы-чүкүсүн, чоо-жайын. Кээ бирлер айтып атат, адегенде эле “Комекого” конценссияга берген туура эмес болгон эле деп. Сиздин көз карашыңызда ушул кандай болгон?

- Муну калыс иликтесек, кыскача айтканда мындай, Союздун учурунда “Кумтөрдун” курулушун КПССтин саясий бюросу карап, съезддин чечими менен бир миллиард рубль керек, акчаны бере албайбыз, кийинки беш жылдыкка калтырылсын деген чечим кабыл алган. Ал убакытта 80 тыйын бир доллар болчу. Демек “Кумтөрдүн” курулушун госплан бир миллиард 200 млн. долларга баалаган. Союз таба албаган акчаны эгемендүү Кыргызстан таап, эки жылдын ичинде “Кумтөрдү” бүтүрүп, алтын өндүрүүнү 10 эсе, же миң пайыз көбөйтүүгө жетип, КМШ өлкөлөрүндө Казакстандан ашып үчүнчү орунду ээлеген. Бүгүн да Кыргызстан алтын өндүрүү боюнча КМШ өлкөсүндө үчүнчү орунда турат. СССР урагандан кийин Кыргызстандын кайсы тармагы миң пайызга өсүшкө жетти? Кайсы тармагы мында көлөмдүү түз инвестиция тарта алды? Союз ургандан кийин КМШ өлкөлөрүнүн бири да алтын тармагына “Кумтөрдөй” ири инвестиция бүгүн да тарта албады. Россия дагы, Казакстан дагы, Өзбекстан дагы. Демек Союздун күчү жетпеген ишти эгемендүү Кыргызстан эки жылдын ичинде курулуш иштерин бүтүп, өндүрүштү ишке киргизгени бул чоң ийгилик болгон. 450 млн. доллар менен бүткөнү бул Союздун баасына салыштырганда эки жарым, үч эсе арзан бүткөн. Ошон үчүн бул объект Кумтөрдүн тегерегинде көп саясат болуп атат. Ошон үчүн жанагыдай пикир саясий максатта айтылган пикир эле деп ойлойм.

- Ушуга байланыштуу дагы бир суроо, мен дагы анча-мынча көрүп калдым эле “Комеко” менен легендарлуу парламентте түзүлүп атканда башкы келишим деген бар эле. Башкы келишимге ылайык, эгер ошонун эрежелери каралган нормаларды сактаса, быйыл Кыргызстан “Кумтөрдү” толугу менен өзүнө кайтарып алыш керек эле. Туурабы, же мен жаңылып атамбы?

- Быйыл эмес. Тышкы карызды үстөгү менен кайрып бергенден кийин “Кумтөрдүн” башкаруусу Кыргызстан тарабына өтүш керек деп жазылган келишимде. Мен иштебей калдым, так айта албайм, ал карыздан божомол 2001-2002-жылдары кутулган. Демек ошол убакыттан баштап жетекчилик Кыргызстандын өкүлүнө өтүш керек эле. “Кумтөр” Кыргызстандын менчигине айланыш керек эле.

- Азыркы абалы кандай, азыр кимдин менчигинде турат?

- Азыр мен угуп атам, “Центерранын” ичине кирип, Кыргызстан 30 пайыз эле үлүшүнө ээ болду деп атпайбы. Бул жерде “Центерранын” келишимин эгер чебер адис дыкаттык менен иликтеп чыкса көп илинчек тапса болот. Келишимди бузуп, аны кайра калыс түзүүгө өбөлгө пайда болот эле. Колунан кармабагандан кийин бышык айта албайсың. Бирок бул 2-3-4 адамдын кызыкчылыгына арналган эле келишим деп ойлойм.

- Сөзүңүзгө аралжы. Ушуга байланыштуу “Центеррага” өткөрүп бере салган үчүн экс-премьер Танаевди, ушул ишке катышы бар башка адамдарды сиздин көз карашыңызча азыр кадимкидей жоопкерчиликке тартса болобу, же жокпу?

- Болмок түгүл, жоопко тартыш керек. Мисалы “Кыргыз алтын” 2004-жылы 15 млн. доллар акчаны чет өлкөгө которуп, ал дайынсыз жок болгону аныкталып, иш прокуратурага берилди. Кана майнап чыгып, ал акча элге кайтарылып берилгени. Бул жоопкерчиликсиздикти токтотуш керек. Мисалы, Кыргыз алтын 2003-2005-жылдары алтынды дүйнөлүк баадан бир жарым эсе арзан сатып, Кыргызстанга 10 млн. доллар зыян келтиргенине ким жооп берет. Элибиз минтип кыйналып отурса, анан миллион-миллион доллар оңго-солго кетип отурса, сөзсүз жоопко небак эле тартыш керек эле.

- Башкача айтканда “Комекого” байланыштуу илгерки уланып келаткан коорупция азыр деле уланып аткан сыяктанат деп тыянак чыгарсак болобу?

- Ошол коррупцияга бөгөт коюлбай жатат деп кесе айтсак болот. Ал мындай маселе, мына “Кумтөр” 1996-жылы алтын чыгара баштаган. Ошол алтынды чет өлкөгө ким, кайсы баа менен сатканы Кыргызстанда бүгүн эч ким билбейт. Мен Кыргыз алтынды жетектеп жүргөндө да билген эмесмин. Мен депутат катары ушул суроону расмий түрдө Жогорку Кеңеште койгом, бул алтынды ким, кайсы баа менен сатып атат деп. Жооптун ордуна мага кылмыш иш козгоп, мени жумуштан алган өз убагында Акаев. Бүгүн да бул суроого жооп жок. Маселе ушул жерде болуп атпайбы.

- Сизде болжолдуу маалыматтар барбы цифралар боюнча. Он жылдын ичинде кайсы тарап көбүрөк пайда тапты, Комекобу, же кыргыз тарабыбы?

- Башында карызды “Комеко” өзүнүн заводдорун күрөгө коюп, 450 млн. доллар кредит алган, өкмөт кепилдик берген эмес. Декмек бул кредитти үстөгү менен, үстөгү 200 млн. доллар болду деп уктум, 650 млн. долларды “Комеко” банктарга кайрып берди. Демек мындан Кыргызстан зыян тапкан жок. Себеби Кыргызстан азыр өзүнүн менчигинде, өзүнүн ээлигинде ири алтын иштеткен завод болуш керек эле, эгерде “Центеррага” өткөрүп бербесе. Жакында мен “Общественный рейтинг” деген гезитте окуп калдым, 1994-2006-жылдары “Кумтөрдөн” Кыргызстанга 750 млн. доллар акча түшкөн деп. Бул 28 млрд. сом экен. Ошол эле 1994-2006-жылдары жергиликтүү калктан “Кумтөр” 19 жарым миллион долларга азык-түлүк сатып алган экен. Бул 700 млн. сомго барабар. Демек зыян тапты дегенге мен кошулбайм. Муну терең иликтеп, мына ушундай пикирлер көбүрөк кимден чыгып атат, өмүрү алтын өндүрүшүн билмек түгүл, көрбөгөн адамдар бүгүн адис болуп чыга келишти. Алтын боюнча адис катары такай пикирин айтып жүргөн адам өмүрүндө бир грамм алтын өндүрүптүрбү? Бул суроону берген адам жок. Баары эле дасыккан адис болуп чыгып атат. Мен мындай саясаттан алысыраак болуш керек деп ойлойм.

- Туура айтасыз. Мен сиздин сөзүңүзгө кошулат элем. Азыр билгени да, билбегени да айтып атат бул маселенин тегерегинде. Ошон үчүн көп маселелер бар. “Кумтөрдөн” башка дагы бизде бир топ кендер бар. Бардык жерде эле чатак болуп атат. Ушул абалдан чыгыш үчүн эмнелер керек деп ойлойсуз. Адис катары кандай кеңеш берет элеңиз?

- Биринчиден, ал кендердин баарысын, бүгүн дүйнөлүк алтындын баасы өтө бийик болуп турганда, мындан ары да өсө турган болуп турганда, элдин кызыкчылыгына, өлкөнүн пайдасына иштетиш керек эле. Бул күн тартипте турган маселе. Буга көңүл бурулбай жатат. Экинчиден, бул алтындын башында таза адам туруш керек. Буга таза мамиле кылыш керек. Абал болсо 2000-жылдан бери алтындын тегерегинде канча акчалар табылып атат жана бир тобун мен айттым. Демек буга абдан таза адам башында туруп, бийлик башындагы адамдар дагы таза мамиле кылып, жең ичинен эч нерсе чечпесе, бул алтын элдин кызыкчылыгына иштеп, пайда келтирет эле.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG