Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

ОШТО “ХИЗБУТЧУЛАРДЫН” ЛИДЕРЛЕРИНИН БИРИ КАРМАЛДЫ


Кыргызстанда тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" диний уюмунун лидерлеринин бири Алишер Иминжанов Карасуу шаарында камакка алынып, иши тергөөгө берилди. Ага баш мыйзамга каршы үгүттөгөн баракчаларды тараткан деген айып тагылууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, баш мыйзамга каршы үгүттөгөн “Хизбут-Тахрир” партиясынын баракчаларын, адабияттарын тараткандыгы үчүн 31 жаштагы карасуулук Алишер Иминжанов милиция тарабынан камакка алынып, иши тергөөгө берилди. Ал мындай аракеттери үчүн сот тарабынан кылыш жоопкерчилигине тартылып, шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

- Хизбут Тахрир” түштүктө көп жылдан бери аракет кылып келет. Жогорку Кеңеш 2003-жылы “Хизбут Тахрирдин” ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Ошондон баштап биздин ишибиз бир топ жанданды. Ага чейин биз бул диний уюмдун активистерин кармаганга акыбыз жок эле, эми мүмкүнчүлүк бар. Хизбут тахрирчилер колго курал алып, халифат курууну үгүттөп жүрүшөт. Ошондуктан биз башка диндеги адамдарды өлтүрүшүбүз керек экен. Бирок биз ага барбайбыз. Биз ар кайсы улуттагы адамдар кол кармашып, бири-бирибиздин диний ишенимдерибизге сыйлап бир коомдо жашашыбыз керек.

Министрликтин маалыматына караганда “Хизбут-Тахрир” партиясы Борбор Азия аймагында ислам халифатын орнотууну максат кылып келет.
Президенттин алдындагы стратегиялык иликтөө институтунун эксперти Ыкбал Мирсаидовдун пикиринде “ Хизбут-Тахрир” партиясынын иши соңку жылдарда өлкөнүн бардык аймактарына, айрыкча түштүктө кеңири жайылган. Имам-молдолор “Исламды боштондукка чыгаруу" партиясы деп аталган бул уюмдун танапташтарына каршы иш жүргүзбөй, анын айынан дин жолуна түшкөн айрым жаштар экстремистчил маанайдагы кишилердин сабын толуктап жатат.

-Алардын түпкү максаты бийлик жана байлык. Халифат бул өткөн этап. 1924-жылга чейин халифат болуп келген. Халифат учурда мусулмандар канчага бөлүндү. Хизбут-Тахрирге мүчө адамдардын саны азыр 3 миңден 7 миңге жакын адамды түзөт. Бирок баракчаларда айтылгандар мындан да көп сандагы адамдарга таасир бериши мүмкүн, андыктан алардын саны дагы өсүшү ыктымал. Бирок, баары бир, алар, өлкөнүн түштүк тарабын алганда деле чон таасирдүү күч боло алышпайт,-дейт Ыкбал Мирсаидов.

Милициянын маалыматы боюнча “Хизбут-Тахрир” уюму баракча-китептерди ачык таркатпайт. Ошентсе дагы айрым бир ыңгайлуу иш жолдорун ойлоп табышкан, атап айтканда, диний майрамдарда бекер тамак-аш таратылат, үгүт-насаат иштерин өспүрүмдөр, жаштар жана аялдар арасында күчөтүүдө.

Аты-жөнүн айтуудан тартынган “Хизбут-Тахрирдин мүчөсүнун айтымында, партиянын “Аль- Каида, ИДУ” сыяктуу уюмдар менен байланышы жок. Уюм саясатын террордук иш-аракеттер менен эмес, түшүндүрүү жолу менен жүргүзөт. Бул партиянын лидерлерин куугунтуктоону, камакка алууну токтотуу керек.

- Хизбутчулар террордук иштерге аралашат, Өзбекстандын ИДУ деген партиясына жана Аль-каидага кошулууга аракет кылып атат деп айтышат. Мунун баары жалган. Хизбутчулар андай террордук иштерди жасабайт. Алардын мүчөлөрүн куугунтуктоону, камоону токтотуу керек.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов “Хизбут-Тахрирдин басылмалары саясий максатта исламдын бурмаланган түрүн үгүттөп, элди буга моюн сунууга чакыраарын, аны менен экстремисттик динди жайылтып, антиконституциялык аракеттери менен демократиялык жолдон адаштыра тургандыгын” айтты.

Хизбут-Тахрир – же Боштондук партиясы – Борбордук Азиянын Фергана өрөөнүндө мусулман мамлекетин, халифатты, курууга умтулган партия катары таанымал. Фергана өрөөнү өзүнө Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын бөлүктөрүн камтыйт.
Кыргызстандын Жогорку соту 2003-жылы аталган партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG