Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

ИСЛАМ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК САЯСАТ


Ислам - ушу тапта ага ишенип-табынган адамдардын саны жагынан дүйнөдө эң чоң ылдамдыкта өсүп бараткан динге айланды. Ушу тапта АКШ, Улуу Британия, Австралия, Канада өңдүү мамлекеттерде мусулмандар саны боюнча христиандардан кийинки 2-орунду ээлеп, бул өлкөлөрдө ислам динин окуп-үйрөнүү, кызыгуу күч алып турган кез.

Илимий булактарды карап көрсөк, мусулман дүйнөсү 1-дүйнөлүк согуштан кийин алдыңкы мамлекеттер өз ара акылдашып-мерчеп койгон азыркы эл аралык система, түзүлүштү аныктоодон дээрлик четте калган. Ал кезде дүйнөлүк саясатка аралашып жүргөн жалгыз ислам мамлекети – Осмон дөөлөтү дал ошол мезгилдерде акырындап кулап, анын ордун баскан Түркия динди мамлекеттен ажыратып, секулярдык өлкө болууга камданып жаткан.

Ал эми ушу тапта дүйнөдөгү мусулмандардын саны 1 миллиард 300 миллионго чукулдап, башкача айтканда жер жүзүндөгү ар бир беш кишинин бири мусулман болуп калды, Батыш мамлекеттеринде да мусулман калкынын саны жылдан жылга башкаларга караганда тез өсүп баратканы эбак байкалган, андыктан ислам динине кызыгуу, изилдөө иши мурда болуп көрбөгөндөй кеңири жолго коюлган кез. Ошол эле маалда АКШда 2001-жылы 11-сентябрда болгон теракттар ислам дүйнөсү менен Батыш цивилизациясы ортосундагы тирешүү тууралуу сөздөрдү андан ары кызытты. Босниялык ислам мыйзамдарынын тарыхы боюнча илимдин доктору, профессор Фикрет Карчич мусулмандар менен христиандар ортосундагы кагылышуу тууралуу сөз кылуу таптакыр туура эмес деген пикирде:

-Көрүнүп тургандай, бул эми кансыз согуштан кийинки эл аралык мамилелерде дагы бир чыр-чатакты издеп табуу гана аракети. Самюэл Хантингтондун цивилизациялар кагылышы жөнүндөгү теориясы азыркы дүйнөдөгү айрым кыйынчылыктардын себебин табуунун оңой жолуна айланды. Мен бул теория менен макул эмесмин, азыркы тапта ар кайсы тараптардын кызыкчылыктарын карама-каршылыгы ортосундагы тирешүүгө күбө болуудабыз. Аны кайра болбой эле Батыш менен ислам ортосундагы кагылышуу деп атай берсек, акыры ошол ойлогонубуз ордунан чыгып калышы мүмкүн деп эскертип кетким келет.

Эмне себептен соңку жылдары ислам башка дүйнөлүк диндерге караганда эл аралык саясатка көбүрөөк катышып, же катыштырылып жатат? – деген сурообузга Москвалык дин изилдөөчүсү Бахтиер Орифи төмөнкүдөй жооп узатты.

-Кептин баары ушунда болуп атпайбы – исламдын жол-жоболорунда биздин жашообуздун бардык тараптары – коомдук-саясий түзүлүштөн баштап экономикага чейин камтылган. Христиан, жу бутпарастар дининде саясат, же экономика анчалык кеп болбойт, ошондуктан ислам өзү жаратылышы боюнча саясатка аралашып калган.

Орусиялык шийилер биримдигинин төрагасы Орифи исламдын саясатташып кетишине ушундай себепти келтирсе, Сараеволук профессор Карчич саясатчыларды дин маселесине этият мамиле кылууга үндөйт:

- Мен азыркы саясатчыларга терроризм менен экстремизмге байланыштуу окуяларды тереңирээк талдоого үндөйт элем. Биз ар кандай кол салуулардын себебин динге байланыштыруудан мурун андай окуялардын саясий, экономикалык, социалдык себебин издешибиз керек. Экинчи жагынан диний лидерлер исламга жамынып алып адам өмүрүнө кол салгандарды кескин түрдө айыптап, Куранга каршы иш деп жарыялоосу зарыл.

Көпчүлүк мусулман динаятчылары азыркы тапта исламдын эл аралык ролу жөнүндө сөз кылгандар саясий исламчыл уюмдарды жалпы мусулман дүйнөсүнөн ажырата албай келатканына терең өкүнүч менен көңүл бурушат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG