Катинка Барыш өз кезинде Британ парламентинин Лорддор палатасына жана Еврокомиссияга тышкы саясат боюнча масилээт берген. Илимпоз- айым Европа-Россия мамилеси осолдоп, Кансыз Согуш кайра келди деген европалыктардын көзкарашына кошулбайт:
-Бул Кансыз Согуш сыяктуу нерсеге кайрылуу эмес. Кансыз Согуш эки саясый блок ортосундагы жана идеологиялык келишпестик менен коштолгон глобалдуу, системалуу, узак мөөнөттүк таймаш болгон. Дүйнөнүн бардык бөлүгүндө жааташтык согуштары жүргөн. Азыр бул сындуу нерсе тууралуу эч ким сөз кылып жатпайт. Россия бизде Батышка альтернативдүү идеологиябыз бар деп жаткан жок. Ал: “Биз эркин өлкөбүз, ошондуктан өз каалаган жолубуз менен барабыз. Биз дүйнөлүк үстөмдүккө умтулбайбыз. Бизге урмат менен мамиле кылганды каалайбыз”.
Барыштын пикиринче, Россия Батышка энергия менен камсыздоочу жана эл аралык оюнчу катары керек.
- Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин вето укугу бар мүчөсү. Россия бизге Иранды ядролук куралдуу болтурбоо үчүн, Косовонун макамын аныктоо жана башка ушул сыяктуу маселелерди чечүү үчүн зарыл.
Ал эми Европа менен Россия ортосундагы мамиле качан өзгөрдү? Батыштын президент Путинге болгон көзкарашын өзгөртүүгө эмне түрткү берди?
-Кайра баалоо 2002- жылы башталды. Бизде Россия менен стратегиялык жактан кызматташалы, экономикалык жана коопсуздук маселесинде терең интеграцияга барып, дагы алга жылалы деген өтө амбициялуу планыбыз бар эле. 2002- жылы бул планды аткарууда алгылыктуу жылыш жок жана Россия менен иштешүү абадан татаал экенин көрдүк.
Лондондук серепчинин оюнча, Россия эларалык саясатта мурдакы СССРдей чоң оюнчу болууну кааласа, эларалык майданда жоопкерчиликтүү болушу керек:
-Учурда Россия Косоводогу саясый жараянга бут тосууда, ал эми Иран чатагында көбүрөөк кызматташууда. Бирок, башка маселелерде негизинен вето укугун пайдаланууда. Россия өзүн орто жана алыс аралыкка чуркаган эларалык оюнчу көрсөткүсү келсе, өзүн жоопкерчиликтүү көрсөтүш керек…Менин оюмча, Россия өзүнүн эларалык саясаттагы ролуна бекем ишенген соң жооптуу эларалык оюнчуга айланат.