Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

АЙЛАСЫ КУРУГАН ТЭЦ, ТАЛАНГАН ЗАВОД, ТЕРЕКСАЙ АЛТЫНЫ


Өкмөттүн кезектеги жыйынында кышкы отун-суу кам-чомунан тарта Кочкор асыл тукум заводунун малы кандайча таланып-тонолуп кеткени, жаңы мектептердин курулушуна дейре кызуу талкууга алынды. Өкмөт отурумунда Терексай алтын кенин ачык тендерге же конкурска коюунун шарттары талкууланды. Буга чейин Кыргызстандын ири, орто делген алтын кендеринин бир да бирөө минтип ачык тендерге же конкурска коюлган эмес.

"Терексай" жанындагы алтын кендердин запасы "Жерүй", "Талдыбулактан" кийинки орунду ээлегени менен аны жакшылап иштетүүгө «Кыргызалтын» акционердик коомунун чама-чаркы жетпей жатыры. Анын үстүнө ошол эле Алабука районуна чектеш Чаткалдагы майда алтын кендерин иштетүүгө уруксат алган чет элдик компаниялпардын көбүнүн эмне иш кылып, кандай экологиялык зыян келтирип жатканы баам сыртында калып келатканын Жалалабад облус губернаторунун орунбасары Жаныш Курбанов айтты.

- Былтыркы жылы облус губернаторлугунда ушул маселени атайын карап, райондун акимине эгерде экологияны бузуп жатса токтоткула, ошого сурангыла, десек облустук, Башкы прокуратурадан кишилер барып туруп акимди аз жерден камап кое жаздашты. Себеби кимдир бирөө аны калкалап жатат.

Ошол эле Алабука-Чаткал аймагындагы «Иштамберди» алтын кени кытайлык ишкерлерге кредит эсебине берилген. Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору Владимир Зубковдун айтуусунда, кытайлык ишкерлердин сунуштары азырынча талаштан башка пайда алып келе элек.

- Кытай компаниясына кредит ордуна ресурс программасы боюнча берилген. Бул маселе мурдагы өкмөт жана президент тарабынан ушундай чечилген. Транспорт жана коммуникация министрлиги алар менен иштешүүдө. Алар биздин кызыкчылыкты эсепке албаган инвeстициялык келишимди сунуш кылышты. Биз транспорт министрлигине андай келишим жарабастыгын ырастаган сунушубузду бердик. Дагы бир маселе, кендин техника-экономикалык негиздемеси да бизге пайда алып келбей тургандыгын билдирдик.

Биринчи ирет тендерге коюлчу «Терексай» алтын кенин оболу эларалык аудиттен өткөрүп, барк-баасын бычып, андан соң мыйзам негизинде аны ачык соодага коюу зарылдыгын «Кыргызалтын» акционердик коомунун жетекчиси Алмазбек Жакыпов белгиледи. Анын ырасташынча, мындай маанилүү иште ашыгуунун кажаты жок.

- Бул жерде «Терексай» тобу деп жазылыптыр. Анын ичинен «Терексай» кени гана менчиктештирилет. А эмне үчүн жалгыз алтын кенди кошуп жатабыз? Анткени ал «Кыргызалтын» акционердик коомунун карамагына кирет.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев «Терексай» алтын кенин сатууга же конкурска коюу маселеси токтом долбоорунда так жазылбай, негизги маселе жашырын калып, анын ордун сылык-сыпаа сөздөр ээлеп калганына нааразы болгонун жашырган жок.

- Мага «тендер» же «конкурс» деген сөздү таап бергилечи! Андай сөздү жазбай коюуну кандай түшүнсөк болот! Болгонду болгондой айтууга качан үйрөнөбүз? Ушинтип жымсалдоонун айынан «Кумтөрдү» эмдигиче тактай албай келатабыз. «Жерүй» үчүн болсо өкмөт башчысын таш менен урушту. «Талдыбулак» боюнча да талаш. «Терексай» боюнча же тендер же конкурс деп тапшырма берилген, ошону да жазгысы келбейт.

А.Атамбаев «Терексай» алтын кенин ачык конкурска же тендерге коюу маселеси бышып жетилгенин айтып, ал дагы башка кендердин кейпин кийбей, бардыгы мыйзам чегинде чечилиши керектигин билдирди. Айтса, ушул тапта өкмөт дайындаган эксперттик топ «Кумтөр» кени боюнча канадалык «Камеко» корпорациясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Топтун жетекчиси, Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу айтууга али эртелик кыларын билдирди.

- Биз сунуштарыбыздын баарын канадалык өкүлдөргө бердик. Кечээ күнү «Камеконун» Гохинг деген вице-президенти келди. Ошондой эле «Центерра Голд» компаниясынын жетекчилиги толук командасы менен бизде жүрөт.

Өкмөт жыйынында Бишкек жылуулук борборунун мындан аркы тагдырын деле ошол эле тендер же конкурс аркылуу жеке колго берүү, кышка даярдыктын жүрүшү, Кочкордогу асыл тукум мал заводунун кантип таланып-тонолгону сындуу биралдын күлкү, экинчи жагынан ойлонто турган олуттуу маселелер каралды.

XS
SM
MD
LG