18-июлда Брюсселде өткөн пресс конференцияда НАТОнун маалымат катчысы Жеймс Аппатурай Орусиянын көздөгөнү эмне экени НАТО үчүн "табышмак" бойдон кала берип жаткандыгын билдирди:
- Орусиянын бул келишимден убактылуу чыгышы жана мындан аркы кадамы кандай болоору толук түшүнүктүү болбой жатат. Дал ушуну союздаштар Орусия федерациясы менен тереңирээк талкуулоону каалайт.
Европадагы кадыресе куралдар келишими 1992-жылы түзүлүп, ал Атлантика деңизинен Урал тоолоруна чейинки аймактагы танк, артиллерия, аба күчтөрү сыяктуу кадыресе оор куралдардын санын жана көлөмүн теске салат.
Коммунисттик блок ыдырап кеткенден кийин, бул келишим 1999-жылы кайра түзүлүп, анда жаңы көз карандысыздык алган өлкөлөрдүн ар кимисине куралдуу күчтөрүнө чектөөлөр киргизилген. Бирок жаңы келишимге 30 өлкө кол койгону менен, аны төртөө - Беларус, Казакстан, Орусия жана Украина гана ратификациялаган.
НАТО өлкөлөрү Грузия менен Молдовадан орус аскерлерин чыгарууну талап кылып, ансыз бул келишимди жактыруудан баш тартышкан. Орусия НАТО өлкөлөрүн, айрыкча Балтиядагы үч коңшусун бул келишимди ратификациялоого улам кайра чакырган, бирок маселе чечилбеген бойдон калып келген. Анын аралыгында Кошмо Штаттарынын Чыгыш Европада ракетадан коргонууу сустемасын жайгаштыруу планы такталгандан көп өтпөй, Орусия 14-июлда Кадыресе күчтөр келишиминен чыгып жаткандыгын жарыялады. Келишимден биротоло чыгуу үчүн 150 күн күтүш керек.
НАТОнун өкүлү Аппатурай 18-июлда Орусия келишимден убактылуу гана чыкты деген ишенимин айтып, келишимди кайра жандандыруу үчүн чукул конференция өткөрүүгө чакырды. Бирок Орусиянын коргонуу министрлигинин мартабалуу өкүлү генерал Евгений Бузинский ушул эле күнү Москва таптакыр жаңы келишимди иштеп чыгыш керек деп эсептей тургандыгын бышыктады. Аппатурай Бузинскийдин бул билдирүүсүнө камтама болгондугун жашырган жок, ошол эле мезгилде, Орусиянын соңку кадамдарынан Европанын коопсуздугуна өгеле чоң коркунуч келип жатат деген жыйынтык чыгарбоо керек экендигин мындайча билдирди:
– Кеңири контексттен алганда НАТО жана Орусия бир бирине душман эмес. Орусия келишим убактылуу токтотулган мөөнөттө аскерлерин көп орун которуштурбай тургандыгын ишарат кылды. Биз ушуга ишенебиз.
НАТОнун өкүлүнүн айтымында, НАТО эски келишимдин да, ратификациялабаган жаңы келишимдин да шарттарын аткарып келатат жана Орусия Молдова менен Грузиядан аскерлерин алып кетсе эле, бул келишимди дароо ратификациялоого даяр.
Европадагы кадыресе күчтөр келишими Орусиянын өз аймагындагы коопсуздукту кепилдөө дареметине кандай таасир тийгизет? Эми келишимден такыр чыгып алса, анын Батыш менен алакасына кандай залал келиши мүмкүн? Мына ушул суроолор менен кайрылганыбызда коргонуу аналитиги Павел Фелгенхауэр буларды билдирди:
-Азыркы тапта келишим Түндүк Кавказдагы аскердик операцияларда же аскер жайгаштырууда чоң роль ойнобойт. Анткени бардык тараптардын куралдуу күчтөрүнүн саны белгиленген квотадан төмөн. Бирок Орусиянын бул келишимден чыгышы Батыш менен өз ара ишенүүчүлүккө, ошондой эле транспаренттүүлүккө зыян келтирип жатат. Айрыкча, Европа менен алакага зыян, себеби Кошмо Штаттары орус армиясынын кыймыл-аракетин сателиттен жана башка булактардан көзөмөлдөп турат, бирок Вашингтон европалык шериктерине бул тууралуу маалыматты ченеп берет.
Москвада иштеген аналитиктин айтымында, Орусиянын артынан европалык келишимден чыкса, бир Беларус чыгат. Бирок Фелгенхауэрдин ишениминде, мындан Беларус эч нерсе утпайт же уттурбайт.
Жаңыл Жусубжан, Прага