Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

АКШ СЕНАТОРЛОРУ ИРАКТАГЫ СОГУШТУ ТҮНҮ БОЮ ТАЛКУУЛАШТЫ


Жыл башында АКШда оппозициячыл демократтар Конгрессте көбүрөөк добушка ээ болгондон бери мыйзамдын күчү менен Ирактагы согушту токтотууга аракет кылып келатышат. Соңку коомдук сурамжылоо көргөзгөндөй, америкалык шайлоочулардын 75%ы Ирактагы согуш туура эмес жүргүзүлүп жатат деп эсептейт. Ошентсе да, демократтардын согушту токтотуу аракети АКШ президенти Жорж Буштун ветосуна, же республикачыл конгрессмендердин каршылыгына туш болуп, максатына жетпеген бойдон.

Шаршембиде Сенатта өтпөй калган мыйзам долбоор кабыл алынып калса, ал күчүнө кирген күндөн 4 айга жетпеген убакыт ичинде Ирактагы АКШ аскерлери ал жактан толугу менен чыгарылмак. Республикачылар бул мыйзамга бут тосконун Сенаттагы көпчүлүк добушка ээ демократтардын лидери Харри Рейд өлкө кызыкчылыгына каршы кадам деп баалады.

- Республикачылар бул мыйзамга бут тосууну туура көргөнү өкүнүчтүү. Алар Америка элинин добуш берүү укугун, өлкөнүн да кызыкчылыгын четке кагып, жалгыз өз президентин гана коргоп жатышат.

Сенаттагы демократтар 2 добуш үстөмдүгү жана 3 республикачы колдоорун алдын-ала билгендиктен, мыйзам оңой эле кабыл алынмак. Бирок республикачылар Сенаттагы “филибастер” деген эрежеден пайдаланып, мыйзамдолбоор боюнча талкууну жабууга макулдук бербей коюшту. Республикачылардын мындай амалына ачууланган демократтар шейшембиде долбоорду түнү менен талкуулоону талап кылып, иш тартиби ошондой бекитилди. Демократтар Сенатта түнү бою отурган республикачылар чарчап, эси оогондо Ирактан америкалык аскерлерди чыгаруу маселесин айласыз колдоп беришет дем үмүттөнгөн.

Бирок Ирак саясатын өзгөртүүнү каалаган республикачылар да аскерлерди алып кетүү кырдаалга жардам бербейт деген пикирде бекем турушту. Түнкү саат 3төн оогондо сенатор Жон Уорнер дале президент Буштун партиялаштарынын таламын талашып жатты.

- Биз азыр калпыс чечим кабыл алып, аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн белгилеп койсок, буга чейинки жоготуу-курмандыктын баары бир тыйынга арзыбай калышы мүмкүн. Жоготуу-чыгымдар бекер гана болду деп алакан жайалбайбыз – муну баарыбыз бирдей түшүнөбүз деп ишенем.

Телекабарлардан байкалгандай, таңкы сааттарда демейде сөздөн уттурбаган Хиллари Клинтон өңдүү чечен демократтар да оюн так айталбай буйдала баштагансыды. Демократтар өз максатына жетиш үчүн күнү-түнү иштеп аткан сенаторлорго тамак-аш жеткиртип, имараттын жанында куш уйку сала тургандарга шарт түздүрүп коюшкан. Түшкө маал эси ооп-чарчаган мыйзамгерлер республикачылардын маселени сентябрдын ортосуна чейин жылдыра туруп, генерал Дэвид Петраэустун Ирактагы кырдаал боюнча докладын уккандан кийин бир чечим кабыл алуу сунушуна көпчүлүк моюн сунду. Ошентип, демократтар Ирак маселесинде дагы бир ирет республикачыларга чегинип беришти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG