Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

МОСКВА ЛОНДОНГО ЖООП КАТАРЫ ТӨРТ БРИТАНИЯЛЫК ДИПЛОМАТТЫ ЧЫГАРГАН ЖАТАТ


Орусия британиялык төрт дипломатты өлкөдөн чыгарып жиберген жатат. Эми британ дипломаттары он күндүк арасында Орусияны калтырып кетиш керек. Британиянын төрт орус дипломатты мекенине жөнөтүү жөнүндөгү апта башындагы кадамына Москва ушундай жооп берди. Дипломаттык кризиске саясый диссидент Александр Литвиненконун өлүмүнө тийиштиги бар деп шектелген орус ишкерди Москванын Лондонго бербей койуусу негиз болду.

Британиянын элчисине тапшырылган нотанын мазмуну жөнүндө Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Михаил Камынын бейшемби күнү мындай деп билдирди:

- Британиянын Москвадагы элчиканасынын төрт кызматкерин персона нон грата деп жарыялоо жана алардын Россия федерациясынын аймагынан 10 күн ичинде чыгып кетүүсү жөнүндөгү ырасмий нота элчиге тапшырылды.

Михаил Камынын Россиядан чыгарылчу дипломаттардын ысмын атаган жок.
Дүйшөмбү күнү Британ өкмөтү өлкөдөн россиялык төрт дипломат чыгарыла турганын жарыя кылган. Гордон Браун башындагы жаңы өкмөт мындай катаал чарага Россия экс-чалгынчы Андрей Луговойду берүүдөн баш тарткандан улам барды. Ырсмий Лондон Луговойду россиялык саясый диссидент Александр Литвиненкону ууландырууга тиешеси бар деп санайт. Өлөр алдында Британ жарандыгын алган Литвиненко да, Луговой да бир кезде Россиянын федералдык кызматы- ФСБда чогуу кызмат кылышкан.

Москванын түшүндүрүшүнчө, Россиянын башмыйзамы букараларын бөтөн өлкөлөргө берүүгө тыюу салат.

Лондондун жогорудагыдай “дипломаттык кадамына”, Камынындин сөзү менен айтканда, Москва “дал өзүндөй каршы жооп” берди. Атап айтканда, дипломаттарды чыгаруудан башка да, виза берүү жана коопсуздук маселесиндеги кызматташуулар токтолмакчы. Мунун баары, Камынындин сөзүнчө, көздөгөн бутасы бар, ойлонулган зарыл чаралар болду:

-Сиздер көргөндөй, Москва так, жакшы ойлонулган жана зарурат кадамдарды жасады. Лондон биздин өлкө менен болгон мамиленин осолдошуна атайылап баргандан улам ушундай кадамды жасоого аргасыз болдук.

Британ тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд Россиянын «каршы жообун”калыссыздык деп атады:

-Элчиликтин төрт кызматкерин кетирүү жөнүндөгү чечим адилетсиз экенине биз терең ишенебиз. Алар өздөрү жана үй-бүлөлөрү эч кандай жапа чекпес үчүн биз баарын жасайбыз.

Милибэнд эларалык коомчулуктун колдоосуна ыраазылыгын да айтты. Москва “каршы жообун” жасай электен бир аз мурда АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс Россия Британиянын Луговойду берүү талабын жоопсуз калтырбаш керек деген пикирин билдирген.

Бул маселе Россия тышкы иштер министри Лавров бүгүн Берлинде болгон кезде да талкууланат.

XS
SM
MD
LG