Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

БУУнун ӨНӨР-ЖАЙДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ УЮМУ БИШКЕКТЕ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮН АЧАТ


Бишкекте иш сапары менен жүрүшкөн Бириккен улуттардын өнөржайды өнүктүрүү боюнча уюмунун өкүлдөрү өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Премьер-министрдин чакыруусу менен келишкен коноктор эки тараптуу сүйлөшүү учурунда Бишкекте уюмдун өкүлчүлүгүн ачуу ниетин билдиришти. Аты аталган уюм өнүгүп келаткан жана өткөөл мезгилде турган өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөйт.

Бириккен улуттардын өнөржайды өнүктүрүү боюнча уюмуна дүйнө жүзү боюнча 171 мамлекет мүчө болгон. Анын өкүлчүлүгү 42 мамлекетте ачылган. Эски совет чөлкөмүндө уюмдун өкүлчүлүгү Орусия менен Грузияда гана бар. Кыргызстан бул уюмга 1993-жылдан бери мүчө. Бирок ошентсе да алакалар баштапкы баскычында эле калып калган. Ошол себептүү өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюм тарабынан 850 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү 8 гана долбоор ишке ашырылган. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев уюмдун өкүлдөрүн кабыл алып жатып, мындай деди:

- Мен сиздердин бизге жардам берүүгө ниеттенип жатканыңыздарга, бул жакка инвесторлорду тартып, биздин инвестициялык долбоорлорубузга жардамдашууга даяр экениңиздерге ыраазымын. Бул өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла арттырат.

Бириккен улуттардын өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун жетекчисинин Европа жана КМШ мамлекеттери боюнча орун басары Юрий Ахвледианинин айтымында, Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү. Ошондой эле ал жолугушуунун жыйынтыгына ыраазы экендигин билдирди:

- Эки күндүк ушундай кыска иш сапарыбызда кыргыз өкмөтү өтө кызык жолугушууларды уюштурушту. Биз көптөгөн министрликтердин жетекчилери менен жолугуштук. Абдан такшалган мыкты адистер менен жолугушуп, өзүбүзгө керектүү маалыматтарды ала алдык. Анын негизинде премьер-министр менен сүйлөшүү жүргүздүк. Ошондой эле биз Бириккен улуттардын өнөр-жайды өнүктүрүү уюму карары Кыргызстан менен тыгыз кызматташууну колдойбуз.

Юрий Ахвледиани уюмдун Кыргызстанга алып келе турган пайдасы тууралуу буларды баса белгиледи:

- Уюмдун пайдалары тууралуу да биз сүйлөштүк. Кыргызстан азыр өткөөл мезгилди баштан кечирүүдө. Албетте, глобалдык рынокко аралашуу жаатында кыйынчылыктарга туш болууда. Бул жерде башка өлкөлөрдүн эл аралык тажрыйбалары жана эл аралык иликтөөлөр өкмөткө өздүк стратегиясын туура курууга, жеке ишкердикти туура колдоого жардамчы болот. Мен өкмөттүн туруму жеке ишкердикти колдоого багытталып жатканын колдойм.

Парламент депутаты, вице-спикер Эркин Алымбековдун айтымында, мындай даражалуу уюмдун өкүлчүлүгү Бишкекте ачылса Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү кыйла артмак:

- Булардын келип атканы Кыргызстан үчүн учурдун талабы. Анткени биздеги көптөгөн чыр-чатактар, бүдөмүк ойлор ушундай эл аралык белгилүү уюмдун эксперттик тажрыйбасынын аркасы менен акырындап чечиле баштамак. Булар өкүлчүлүгүн көрүнгөн жерде эле ача беришпейт. Борбор Азия боюнча биздин Бишкек шаарында бул уюмдун өкүлчүлүгүн ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал да жакынкы арада ачылып калат деген үмүттөбүз.

XS
SM
MD
LG