Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

МАИ КЫЗМАТЫНА АКШ ӨКМӨТҮ 17 МАШИНА БЕРДИ


Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтчү саммитине катышуучу өлкө жетекчилерин тосуп алып, коштоп жүрүү жана жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн МАИ кызматына АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 17 машина белек кылды. Милициянын техникалык жабдууларынын начардыгын жана жетишсиздигин, жол эрежелерин бузуп качып кеткендердин көп экендигин АКШ элчилиги эске алган.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин убагында Кыргызстандын МАИси күнү түнү менен күчөтүлгөн режимде иштейт. Жогорку даражалуу меймандары коштоп, алардын коопсуздугун камсыз кылууда атайын автоунаалар жетишсиз. Мына ушул жагдайды эске алган АКШ элчилиги кыргыз милициясына техникалык жардам берип жатат.

Кыргызстандагы АКШ элчисинин орун басары Ли Литценбергер ички иштер министри Болотбек Ногойбаевге 225 миң доллар өлчөмүндөгү ВАЗ-21015 маркасындагы он, «Voltswagen-Santana-3000» үлгүсүндөгү жети автоунаанын ачкычын тапшырды. Ошондой эле жалпы суммасы 40 миң доллар өлчөмүндөгү ЕЖ үлгүсүндөгү техникалык аппараттар да берилди.

- Кыргызстанда жол эрежелерин бузуу фактылары арбын. МАИ кызматында коррупция бар. Мас абалында машина айдагандар, шаар ичинде жогорку ылдамдыкта айдап, жол кырсыктарына себепкер болгон жагдайлар көп кездешет экен. Ошондуктан МАИ тармагын реформалоо үчүн, жол эрежелерин сактоо, коопсуздук үчүн жардам берип жатабыз,-
деди Кыргызстандагы АКШ элчисинин орун басары Ли Литценбергер.

-Бул техникалык жардам МАИ кызматына ыйгарылып, ШКУнун саммитине келүүчү расмий меймандарды коштоп жүрүүгө, алардын коопсуздугун сактоого арналат,-деди министр Болотбек Ногойбаев.

Анын айтымында, ШКУ саммитинин күндөрүндө Кыргызстандын борборунда МАИнин жүздөгөн кызматкерлери иштейт. Алардан тышкары Бишкектин көчөлөрүндөгү тартипти камсыз кылууга облустук мамавтоинспекциялардын кызматкерлери тартылат.
Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун билдиргенине караганда, Кошмо Штаттар Бишкек шаарынын жолдоруна видеокамераларды коюу иштерин да каржылоону пландаштырууда.

Жол коопсуздугуна орчундуу көңүл бурулганы бекеринен эмес. Себиби жол кырсыктары боюнча кыргызстан дүйнөнүн көп өлкөлөрүнон алдыда турат.
Өткөн жылы өлкөдө жол кырсыктарынан 1051 адамдын өмүрү кыйылган. Быйыл жарым жылда эле жол кырсыктарынан 522 адам каза болгон.

Кыргыз милициясы материалдык- техникалык жабдуулар менен жетиштүү камсыз кылынбаганын, кылмышкерлерге каршы күрөштө бул жагдай кедерги болуп келатканын айтып келишет. Айрыкча МАИ кызматкерлери жол эрежесин бузгандар заманбап унаалар менен карматпай качып кетишээрин көп айтышчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG