Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

ООГАНСТАНДАГЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага Талибан кыймылынын калдыктары акыркы мезгилде Ооганстандагы аракеттерин күчөтө баштады жана өлкөдөгү НАТО аскерлеринин чалгындоо кызматынын башчысынын айтымында, анын себептери ар башка. Айрым адамдар идея үчүн күрөшүп жатса, кээ бирлеринин андан башка айласы да жок.

19-июлда Ооганстанда 18 түштүк кореялык жаран барымтага алынып кетти. Алар өлкөгө 13-июлда келген жана жыйырма үчүндө кетиш керек болчу, бейшемби күнү алар Кандагар шаарынан Кабулга автобус менен баратканда, Газни провинциясында туткунга алынды. Талибан кыймылы кийин жоопкерчиликти өзүнө алды.

Ошол эле 19-июлда Гелманд провинциясында полиция күчтөрү талибдер уюштурган буктурмага кабылып, алты полициячы курман болду жана дагы эки адам жараат алды. Өлкө чыгышындагы Хост шаарында болсо бир жан кечти полиция түйүнүнүн жанында өзүн өзү жардырып жибергенден үч полициячы набыт кетти. Ал окуядан кийин дагы бир жан кечти ошол эле полиция түйүнүнө чабуул жасоого аракеттенген, бирок аскерлер аны атып өлтүргөн.

Анын алдында, 18-июлда Ооганстанда эки немис жараны жана дагы алты жергиликтүү адам барымтага алынып кеткен. 20-июлда болсо талибдер - НАТОнун бир аскерий тик учмасын атып түшүргөнү жөнүндө жарыялады. Өлкөдөгү НАТО өкүлдөрүнүн айтымында болсо, ал тик учма жөн гана тоо арасында күтүүсүздөн жерге конууга аргасыз болгон жана анын ичиндегилер аман.

Эксперттердин пикиринде, жаз келип, тоо арасындагы ашуулар ачылгандан кийин талибдердин чабуулдары күчөгөнү түшүнүктүү. Ооганстандагы НАТО аскерлеринин чалгындоо кызматынын башчысы, канадалык генерал Жим Феррондун айтымында болсо, жергиликтүү эл арасында талибдердин таасири күчөп баратканынын себептери көп.

Биринчиден, Талибан кыймылынын өзөгүн түзгөн пушту уруусунун өкүлдөрү Пакистан менен Ооганстан ортосундагы мамлекеттик чек араны тааныбайт. Алар ата-бабалары илгертен жайлаган жерлерде жашап, бир мамлекеттен башкага эркин өтө берет жана андай жашоо мүнөзүн өзгөртүү кыйын.

Ошол себептен жакында Пакистандын борбору Исламабад шаарындагы Кызыл мечит мамлекеттик күчтөр тарабынан талкаланып, анын ичинде жашынган жүздөгөн адам курман болгону Ооганстандагы пуштуларга дагы өз таасирин тийгизди.

Экинчиден, Ооганстандын азыркы бийлиги менен чет өлкөлүк күчтөргө каршы согушуп жаткандардын арасында идея же дин үчүн күрөшкөндөр да бар: "Согушуп жаткандардын арасында кимдер бар экенин изилдеп чыксаңыз, алардын катарында идеологиялык негизде бийликке каршы аракеттенгендерди тапса болот. Өлкөдө болуп жаткан окуялар, анын өнүгүүсү, башкаруучулук - алардын идеяларына жана, албетте, динине туура келбейт", - дейт генерал Феррон.

Бирок андайлар өтө деле көп эмес жана эң негизги себеп экономика менен социалдык абалда жатат: "Ооганстандагы душман ким? Душман - сабатсыздык, кедейчилик, жумушсуздук. Анын себеби социалдык абалда, экономиканын өнүкпөй жатканында. Жаштарды алсак, пушту болобу, пушту эмеспи, - алардын согушкерлерге кошулганынын себеби идеологияда эмес, акча таап, жан багууда жатат", - дейт канадалык генерал.

Анын айтымында, апийим өстүрүп, баңги заттарын өндүрүүгө дагы жергиликтүү калк негизинен жан багуу үчүн аралашат.

XS
SM
MD
LG