Кечээ орусиялык өнөр жай жана соода союзунун президенти Александр Шохин: «Кантсе да Лондондук экономикалык форумду жабууга туура келет. Мындан аркы негизги аянт Давос»,- деп ишкердик Лондондон чыгып кетет кулак какты кебин айткан. Ушундан улам анализчилер орусиялык-британиялык чатактын эпкини экономикалык чөйрөгө да тийет дешет. Бирок дегинкиси мамлекеттик компаниялардан турган орусиялык ишкердиктин лондондук биржадан чыгып кетиши пайда оңой болбошун Ренессанс-Капитал банкынын деректирлер кеңешинин төрагасы Игорь Юргенс айткан.
Улуу Британиялык таанымал журналист Маша Слоним айтканга караганда «Британияда ишкердик өкүмөткө баш ийбейт. Ошондуктан анын колу-жолу бош. Бирок бул жаңжалдын таасири катардагы атуулдарга тийеби дейм", - деген.
Кечээ Владимир Путин да бул маселеге кайрылып, журналисттер алдында өлкөнүн «кичинекей кризистен» оңой-олтоң чыгып кете тургандыгын билдирди. Лондон бийлигине анын артынан насыят кебин айтты:
- Өз өнөктөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыгы менен укугун сыйлоо керек ошондо бардыгы эң мыкты түрдө ишке ашат.
«Азаттыктын» кабарчысы Хлоя Арнольд алдыңкы күнү Маскөөдө турчу жана келип кетип аткан англичандар арасында болуп сурамжылоо жүргүзгөн. Ал жерде Жон Варен мындай деген:
- Аны эки элдин саясий төбөлдөрүнүн чатагы балдардын чырдашына окшош, бирок анын таасири карапайым кишилерге тийет, мени ошол чочутат.
Андай чочулоону Маскөөгө жаңы келген Ричард Хобард да айткан. Ошол жагдай саал да болсо өзүн тарткынчактатып салганын жашырбайт:
- Мен саякаттап жүрөм. Биринчи жолу Орусияда болушум. Кантсе да бул жерде бизге орой мамилеге өтө баштоо байкалат. Ошол мени астыртадан кооптонтуп салды. Балким мурда буга менин мурда келе электигим кошулуп аткандыр, бирок качандыр бул жерде Батыш менен Чыгыштын кармашы чынында болуучу эле го. Азыркы тушта саясатчылардын кармашы оюма ошолорду салып астыртан чочутуп койду.
Financial Times: «Президент Путин бийликке келгени Кремл калган мамлекеттерге касып катуу тикчү болду. Ал айрыкча энергия кубатын өндүрүүчү отун коюу же койбоо жолу менен кошуналарын коркутат. Ошондой эле өз үйүндө болсун же четте болсун өз оппоненттерин болуп көрбөгөндөй кысымга алат», - деп жазат кечээ жарык көргөн санында.