Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

КУШБАК ТЕЗЕКБАЕВДИН ЖАКТООЧУЛАРЫ НААРАЗЫ


Кушбак Тезекбаевдин жактоочулары бүгүн дагы нааразычылык билдиришти. Алар 20-июль күнү кечинде Ош-Биишкек жолун Карасуу районунун Отузадыр айыл өкмөтүнүн тушунан тосуууга аракет кылышты. Бирок жергиликтүү бийлик менен коомчулуктун, укук коргоо уюмдардын кийлигишүүсү менен жол тосулган жок. Ал эми бүгүн 21-июлда Отузадыр айыл өкмөтүндө болгон Карасуу райондук бийлигинин, облустук укук коргоо уюмдарынын башчылары менен жолугушууда Кушбак Тезекбаевди тезинен бошотуу, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү, ага байланыштуу тергөө ишин Ош облусунда жүргүзүүнү талап кылышты. Анын жактоочулары Тезекбаевдин саясий өңүттө каралганын айтышса, Ош облустук ички иштер башкармасы ал 5 кылмыш ишинин негизинде кармалганын билдирди. Ал эми Тезекбаевдин каршы тараптары март ыңкылабынын шарданы менен кызматка кокусунан келип калганын айтып атышат.

Карасуу районундагы Отузадыр айыл өкмөтүнүн клубуна жыйналган адамдар 19-июлдан бери Бишкек шаарында убактылуу кармалып турган Кушбак Тезекбаевди бошотуп, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү менен тергөө ишин Ош облусунда жүргүзүүнү талап кылышты. Ага жан тарткандардын бири Камчы Төрөев бийлик жана укук коргоо өкүлдөрүнүн Тезекбаевге коюлган айыптары тууралу маалыматына канаттанган жок:

- Биздин биринчи максат Кушбак Тезекбаевди бошотуу. Эки айдан бери Кушбак Тезекбаев менен Тимур Камчыбековго саясий куугунтуктоо жүрүп атат. Кушбак Тезекбаевди Бишкекте камап атат. Бул мыйзамды бузгандык. Ал бул жерде укук бузса, ушул жерден камабайбы.

Тезекбаевдин 50-60дай жактоочусу 20-июлдун кечинде Ош-Бишкек унаа жолун жабууга да аракет кылышты. Алардын мындай акциясына райондогу коомчулук менен жергиликтүү бийлик жана укук коргоо уюмдары жол беришкен жок. Калмамат Турдубаев үчүн Тезекбаев кылмыш жасаганы чын болсо Ош облусунда жүргөн кезде камакка алынбаганы түшүнүксүз:

- Бул революцияга жанын, жүрөгүн берген адам. Эмне себептен аны Бишкекте камап коюшту.

Укук коргоочу Равшан Гапировдун баамында аны жактаган адамдардын пикири эске алынбастан укуктары тебеленүүдө:

- Мен өткөндө көрдүм. Бул жерде губернаторго каршылык көрсөтүшкөндө элди бул жерге алып келип, революция бул элдин майрамы деп туруп бул жерде майрам өткөрдү.

Тезекбаевдин үстүнөн 5 кылмыш иши козголуп, тергөө төрт ай жүргөн. Жол тосууга аракет кылгандар жүргүнчүлөрдүн укугун унутууда. Тезекбаевди жоопко тартууну өтүнгөндөрдүн бири Жумагүл Жоосарова жол тосмок болгондор бир ууч кишилер экенин айтты:

- Каракулжада көчкү түшүп, ошого келген жардамдын барын Каракулжа районуна эч нерсе бербестен туруп, өзүнүн дежурныйларына таркатып ийди. Ушунун айынын Жээнбекова, Токтобаев үчөөбүз бир жыл убара болдук. Жума сайын келебиз. Бул жерге Карасуу менен Өзгөндөн дежурный чал, кемпирлер келди, башка эч ким келген жок.

Тезекбаев 2005-жылкы ыңкылаптын шарданы менен кызматка келген. Ыңкылапчылардын өкүлү Токтобай Төрөгелдиевдин баамында ал эл ишенип берген кызматты актай алган жок:

- Катардагы кызматта иштеген өкүлдөрдү чогулуштарда этикасын сактабай, кемсинтүү менен чогулуш алып барган туура эмес жактары байкалды. Губернатор, орунбасары деген жок болчу, координациялык кеңештин төрагасы, анан орунбасары деген болчу. Карапайым калктын 2005-жылы 19-мартта жана раматылык Баямандын салымы менен гана келип калган. Акыры Ош облусунун деңгээлин төмөнгө алпарып койду.

Жыйында жол тосуучу болсо, ага каршы мыйзамдык иш чаралар көрүлө тургандыгы эскертилди. Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңишбек Ашырбаевдин белгилешинче, Тезекбаевдин кармалышында бийликтин тиешеси жок. Нааразы тарап өз талабынын аткарылышын дүйшөмбү күнгө чейин күтүп, кийинки жумада бийлик өкүлдөрү менен кайра жолугушуу үчүн тарап кеткендигин билдирди Жеңишбек Ашырбаев:

- Өтө көп суммадагы акчаны өзүнө ыйгарып алган деген, зөөкүрдүк жана мамлекеттик кызматкерди шылдыңдаган деген сатьялар менен кылмыш иши козголгон. Ошол боюнча убактылуу кармалган. Эртең менен келгенден баштап эле ошол нерсени айтып коркутуп жатышат. Укугуңарды талап кылсаңар, башка бирөөнүн укугун тебелебестен талап кылгыла. Эгер жол тосчу болсо мыйзам чегинде чара колдонулат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG