Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:35

ОРУС ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ МАКАЛАСЫН БАТЫШ ЖУРНАЛЫНАН КАЙТАРЫП АЛДЫ


Айгүл Жунушалиева, Прага Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШда жарык көрүүчү “Foreign Affairs” журналы үчүн жазган макаласын кайтарып алды. Анын айтымында, журналдын редактору макаланын бир топ жерлерин автордун макулдугусуз өзгөртүп салган. Лавровдун макаласы, министрдин айтымында, мурдагы украин премьер-министри Юлия Тимошенконун макаласына жооп катары жазылган экен.

Журналдын редактору Жеймс Хоуг болсо Лавровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун белгилейт. Анын айтымында мурда мындай өңдүү окуялар журналдын тарыхында болуп көргөн эмес. Кесиптешибиз Айгүл Жунушалиева Хоуг мырзанын “Азаттык” үчүн курган маегинин урунттуу жерлери менен тааныштырат.

“Азаттык”: - “Foreign Affairs” журналы 1922-жылдан бери жарык көрүп келет. Анын дээрлик ар бир санында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн мамлекеттик жетекчилери жана таасирдүү саясатчылары жазган макалалар жарыяланат. Деги, мындай өз макаласын кайтарып алган учурлар журналда буга чейин кездешти беле?

Жеймс Хоуг: - Бизде мурда бир да жолу мындай окуя болгон эмес. Биз Никита Хрущев баш болгон нечендеген орус жетекчилеринин, аткаминерлеринин жана атуулдарынын макалаларын жарыялап келгенбиз. Ал эми мындай окуяга алгачкы жолу кабылып отурабыз.

«Азаттык»: - Сергей Лавровдун айтымында, анын макаласы цензурага дуушар болгон экен. Анын мындай доосуна кандайча карайсыз?

Жеймс Хоуг: - Биз Лавровдун цензура тууралуу айткандарын толугу менен четке кактык жана ага баарын түшүндүрдүк. Министр Лавровдун башка авторлордон айырмасы жок жана анын макаласы да башкалардай эле оңдоп-түзөлүшү керек. Анын макаласы кабыл алынгандан кийинки жана макаласынын жарыкка чыгышын гана күтүп жаткан чагындагы цензура тууралуу мындай доосу биз үчүн өтө таң калычтуу жана оңтойсуз иш болду.

«Азаттык»: - Лавров мырза бул макаласын Сиздин журналга кантип жиберип калды экен?

Жеймс Хоуг: - Алгач ал бизди анын макаласы кызыктырабы деп сурап кайрылган. Биз «ооба, Орусиянын тышкы саясатынын азыркы багыты тууралуу макала биз үчүн кызыктуу» деп жооп бергенбиз. Андан соң министр макаласын бизге жибергенде, биз ачык эле: «башка авторлордукундай эле, макалаңыздын керектүү жерлерин оңдоп-түзөөнү сунуштайбыз» дегенбиз. Биз макаласын редакциялаганбыз да, кайра ага жөнөтүп жибергенбиз. Анан ал бизге макаласын дагы бир жолу оңдоп, кайра жиберген соң, анын соңку редакциясын даярдаганбыз. Ошондо Лавровдун атынан биз менен иштешип жаткан Орусиянын Вашингтондогу элчилиги биз редакциялаган вариантты мактоого алган. Лавровдун макаласы «Орусия: Келечекке карай кылчаюу» деген аталышта болчу. Биз бул теманы жактырып, бирок анын алдында дагы чакан темача болуусу керек, ошондо окуп аткан адамга түшүнүктүүрөөк болот деп айттык. Анан эле Лавров мырза өз макаласын кайтарып алаары тууралуу электрондук кат жиберип, бирок ага эч кандай түшүндүрмөсүн берген жок.

«Азаттык»: - Сөз болуп жаткан макалада эмнелер тууралуу жазылган эле?

Жеймс Хоуг: - Анын макаласында, өзгөчө анын редакцияланган бөлүгүндө, эч кандай күтүүсүз нерселер деле жок болчу. Бирок отун-кубат, Орусиянын АКШ жана Европа менен мамилелери жана башка орчундуу маселелер боюнча өз өлкөсүнүн туруму тууралуу таасын жана так кесе айтылган сөздөрү бар эле.

«Азаттык»: - Сиздердин журналдын апрел-май айлардагы кошмок санында Юлия Тимошенконун макаласы жарык көргөн. Анда Тимошенко Орусия советтик доордогу баскынчыл саясий маанайга кайтып келди деп Кремлди айыптаган жана Батышты катаал жооп кайтарууга чакырган. Орус тышкы иштер министрлигинин айтымында, Лавровдун макаласы буга жооп катары жазылган экен. Эми сиздер болочокто бул сыяктуу макаланы жарыялоого жол бересиздерби?

Жеймс Хоуг: - Биринчиден, анын макаласы чын эле жооп иретинде даярдалгандыр, бирок Лавров мырза өз макаласын сунуш кылып бизге алгач кайрылган чагында да, андан кийинки редакциялоо жараянында да Тимошенконун макаласы тууралуу бизге эч нерсе деп айткан эмес. Ошондуктан, макаласын кайтарып алган соң дал ушундай кылып түшүндүрмө бергени биз үчүн Лавровдун Тимошенкого жооп бергиси келгендиги тууралуу бизге алгачкы жолу маалымдаганына тете болду.
XS
SM
MD
LG