Ысыккөлдөгү бул жолку шарп ылаңына чалдыккан бодо мал негизинен облус боюнча Тоң районунан тараган. Жергиликтүү ветеринарлардын маалыматы боюнча Тоң районуна ооруга чалдыккан мал Токмок мал базарынан сатып алынып келинген. Оорулуу малдан дарт адамдарга жугуп бруцеллез оорусу пайда болуп жатат. Бруцеллез оорусунун тарашы боюнча Ыссыкөл облусу азыр өлкөдө биринчи орунга чыкты. Жергиликтүү калк бодо малды өз убагында эмдебесе мал арасында шарп ылаңы жана адамдар арасында бруцеллез коркунучтуу масштабдагы эпидемияга айланып кетиши мүмкүн деп белгилешет ыссыккөлдүк ветеринарлар. (SKz)