Ооган өкмөтү барымтадагы түштүк кореялыктарды сактап калуунун дагы бир аракетин жасады: туткундар кармалып жаткан аймактагы уруу аксакалдарын талиптер менен сүйлөшүүгө арачы болуп берүүнү өтүндү. Ал үчүн түштүктөгү Газни провинциясына өкмөттүн өкүлдөр тобу келгенин провинциянын губернатору Миражиддин Паттан билдирди.
Туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Cho Hee- Уong да жекшемби күнү маалымдады:
- Биз азыр согушчандар тобу менен айрым каналдар аркылуу байланышып жатабыз жана ал жактан жаңы маалыматтарды күтүүдөбүз.
Кореялыкты бошотуу боюнча Ооган өкмөтү менен талиптер ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканын экстремисттердин өкүлү Юсуф Ахмади да Франсс Пресс агенттигине тастыктаган.
Кореялык 23 жаран 19-июлда Кандагардан Кабулга автобус менен баратканда барымтага алынган. Алардын көбү аялдар. Түштүк Кореянын президенти Но Му Хендин сөзүнчө, корейлер миссионерлик кылуу үчүн эмес, оогандарды бекер дарылап- эмдөө жана кат таанытууга жардамдашалы деген ниет менен жүрүшкөн.
Өз букараларын аман- эсен барымтадан чыгарып алууга кол кабыштык кылуу максатында жекшемби күнү эртелеп Ооганстанга Сеулдан мартабалуу делегация да келген.
Ооган армиясы да туткундарды бошотуу үчүн жекшемби күнү алар кармалып жаткан аймакты курчоого алды.
-Улуттук полиция, улуттук армия жана коалициялык күчтөр Газни провинциясында кореялыктарды куткаруу операциясын баштады. Операциянын биринчи айлампасы- аймакты камоого алуу башталды. Операциянын экинчи бөлүгүнө ылайык, аскерлер шектүү аймакка чабуулду баштоо үчүн жогору жактан буйрукту күтүшүүдө,-деп билдирге Коргоо министринин өкүлү, генерал Азими.
Талиптер адегенде 22-июлга Сеул өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүүгө макулдук бербесе, барымтадагы корейлер бирден мерт кылынат деген шарт коюшкан. Бирок, жекшемби күнү бешимден кийин согушчандар талабын дагы 24 саатка узартканы, барымтадагы корейлерди абактагы 23 талипке аламаштырууну сунуш кылганы маалымдалды.