Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада Бишкекте “Кылым муза” продюссердик борбору тарткан “Шайтан араба” көркөм тасмасы кинокүйөрмандарына сунушталат. Детектив жанрындагы бул тасмада жалданма адам өлтүрүү, коррупция, кылмыш дүйнөсү жана сүйүү темасы чагылдырылат.

Көркөм тасмаБишкектин тургундарына 5-августка чейин сунушталат. Андан соң өлкөнүн дубандарында көрсөтүлөт.


Ысыккөлдүн Кырчын жайлоосунда “Нукура кыргыз-2” теледолбоору тартылып жатат. Анын катышуучулары кыргыз элинин улуттук тамак-аштарын жасашып, оюндарын ойношсо, Кой-Таш аскер бөлүгүндө “Жылдыз жоокер” теледолбоору тартылып жатат. Анын талабына ылайык театр ишмерлеринен, эстрада чеберлеринен турган алты айым жана он мырза аскердик кызмат өтөшүүдө.

Учурда Кыргызстанда кийиз боюнча төртүнчү эл аралык симпозиум жүрүп жатат. Ага карата Австралия, Германия, Великобритания жана башка бир катар өлкөлөрдөн чеберлер келишти. Симпозиумдун алкагында Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде “Кийиз дүйнөсүндөгү оюмдар” аттуу эл аралык көргөзмө ачылды. Анда кой жүнүнөн жасалган ала кийиз, шырдак сыяктуу буюмдар коюлган.

Сырттан келген чеберлер эми Кыргызстандын аймактарында болушуп, жергиликтүү кол өнөрчүлөргө жолугушуп, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Ал эми 27-июлда Ысык-Көлдүн Тамчы айылында эл аралык “Оймо” фестивалы өтөт.

29-июлда Көкжайык жайлоосунда улуттук ашкананын жана кыргыз фольклорунун фестивалы өтөт. Анда Караколдо жашаган түрдүү улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук тамак-аштарын жасап көрсөтүшөт. Ошондой эле кыргыздын улуттук оюндары болуп, көргөзмө ачылып жергиликтүү чеберлер кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдарын сатууга мүмкүнчүлүк алышат.

“Альхаят” галлереясында Жылдызбек Молдахматов, Мурат Бекжанов, Харис Сидиков, Флекман жана башка ушул сыяктуу бир катар сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен турган көргөзмө жүрүп жатат. Анда кыл калем чеберлеринин май боектор менен тартылган сүрөттөрү коюлган.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG